Ноокат районуна караштуу Бостон айылында колунда жок кыйналган адамдар үчүн кайрымдуулук дүкөнү ачылды. Дүкөндө тамак-аш азыктары жана кийим-кечектердин баары бекер таркатылат.
Бостон айылынын тургуну жана имамы Тургунали Ахлидинов өзү демилгелеп, колунда жокторго кол кабыш кылыш үчүн бул дүкөндү ачкан. Анын ачылганына үч айдай убакыт болгон. Дүкөнгө бир эле Ноокат районунан эмес, Ош облусунан да келип жардам алгандар бар.
Кайрымдуулук дүкөнү ар жума күнү жума намазы окулуп бүткөндөн кийин ачылат. Башка күндөрү адамдар керек эмес кийимдерин, андан сырткары эт, ундарды садака катары таштап кетип турушат.
Дүкөнгө келген адамдын саны көп болуп, кээде 200гө чейин жеткен учурларда тамак-аш жетпей нааразычылык жаралган күндөр да болуп турат.



Дүкөндү ачкан Ахлидиновдун айтымында, кайрымдуулук көрсөткөн жер айыл өкмөт менен биргеликте ачылган.

Айыл тургуну Этибар Абсатарованын айтымында, бул дүкөн балдары Орусияга кетип калган ата-энелер үчүн жакшы иш жасоодо.
«Тургунали мына кайрымдуулук дүкөнүн ачты. Элге жардам берип атат. Ар жума күнү саат 2де ушул жерге келебиз. Келгенде болгонунча бөлүштүрүп берип, анан биз да алыбыз жетишинче балага дубабызды берип кетип жатабыз», — деп билдирди ал.


Дагы бир айыл тургуну Мавлюда Шакирова «Менин үч жетим неберем, 35ке чыккан майып балам бар. Жашоодон кыйналып жатабыз. Анан ушул кайрымдуулук дүкөнүн ачкан экен жардамы тийип жатат» деп айтып өттү.
Даярдаган: Курсантбек уулу Хусейн
Сынак үчүн