Лейлек районуна караштуу Андарак айылынын тургуну Хамдан Жусупов 15 жылдан бери унаа оңдоп, үй-бүлөсүн багат. Ал унаа оңдоону атасынан үйрөнгөн.
Ал унааларды арзан жана сапаттуу оңдоп, элди ыраазы кылганга аракет кылат.
“Бул жерден иштеп тапкан акчам үй-бүлөмө жетип турат. Унааларды жакшы оңдоп, элдерди ыраазы кылганга аракет кылам. Негизи атам уста болгон. Ал унаа оңдоп, акча тапчу. Кичинекей кезимден атамдын жанында жүрүп оңдогонду үйрөндүм”, — дейт уста.
Хамдан Жусупов келечекте унаа оңдоочу жайын кеңейтип, ширетүүчү цехтерди кураарын айтат.
“Өзүмдүн шакирттерим бар. Бул жакта мүмкүнчүлүк болбой калып, Орусияга кетип калды. Жумуштарын бүтүрүп келсе, бул жакты кеңейтип, төрткө бөлүп, ширетүүчү цехтерди, унаа тетиктерин оңдоочу жайларды өзүнчө кылабыз”, — деп кошумчалады Хамдан Жусупов.
Даярдаган: Данияр Бахридин уулу
“Конкурс үчүн”