Сокулук районуна караштуу Кызыл-Туу айылында 7-июль күнү аталган айыл аймактын башчысы шайланды.
Өткөн жылдын декабрь айында шайланган депутаттар бир пикирге келе албай айыл ɵкмɵт башчысы шайланбай калган болчу. Кийинки турда дагы кворум болбогондуктан депутаттар тарап кайра жаңы депутаттар шайланган. Алар кайрадан чогулуп, акылдашып мурдагы ɵкмɵт башчы Замир Нурмамбетовду бир добуштан колдоп айыл өкмөт башчы кылып шайлашты.
Нурмамбетов айыл ɵкмɵт башчы болуп иштегени бир далай иштерди аткарды. Айылдын социалдык-экономикалык маселелерин чечип берүүгɵ аракет кылууда. Спорт, маданий иш-чаралар дайыма ɵткɵрүлүп турат. Бала-бакча, мектептер менен да тыгыз байланышта иш жүргүзɵт.
— Аткара турган иштер кɵп. Айыл ɵкмɵтүнүн социалдык- экономикалык абалын жогорулатуу боюнча иш алып бара жатабыз. Өткɵн жылы жакшы бир топ иштер жасалды. Грант утуп алып, Маловодное айылындагы клубду ремонт кылдык. Өнүктүрүү институтунан грант алып минифутбол стадионун курдук. Токбайдагы мектепке жылуулук системасын киргиздик. Жаңы конуштардагы жана жарактан чыккан жолдорду оңдоп жасадык. Кɵчɵлɵргɵ жарыктандыруу киргиздик. Ошондой эле спорт, маданий иш-чараларды ɵткɵрүп турабыз. Айылдагы жаштарды активдештирүү, мектептер менен тарбия иштерин күчɵтүү максатында тыгыз байланышта иштемекчибиз. Албетте айылыбызда кɵйгɵйлɵр бар. Сугат суулары жана ичкен суулар боюнча маселелер чечилүүдɵ. Бала-бакча, мектептерге кɵмүр алып беребиз, ремонт иштерине жардам бердик. Саадаш Абдалдаева мектебинин ашканасынын ремонтун жасап бердик.
Даярдаган: Дүйшеева Раушан