Былтыркы жылдын (2016-ж) 20-сентябрь күнү Соң-Көл жайлоосунун Узун-Булак участкасынан Жусупова Замирага тиешелүү 15 (он беш) баш жылкы баласы жайытта жүргөн жеринен жоголгон.
Ким тарабынан, кайда жоголгону белгисиз. Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүнүн тиешелүү кызматкерлери тарабынан жоголгон убактан бери издөө иштери жургүзүлсө да натыйжа бербей келүүдө.
Ак-Талаа РИИБнүн аймактык ыйгарым өкүлү Батырбек кызы Бурул: “Колубуздан келишинче иликтөө иштерин жүргүзүп, иликтеп жатабыз. Облустагы бардык ИИБнө маалыматтар, өзгөчө белгилери менен маалыматтары жөнөтүлгөн. Балким жөнөкөй жарандар да изделип жаткан мал тууралуу билсе, же көрүп калышса кабардар кылышар деп ойлойбуз” дейт. Урматтуу Баетов айылынын тургундары жана меймандары Сиздерге малдын эн белгилери тууралуу кабарлайбыз.
Эгерде Сиздердин бул тууралуу маалыматыныздар болсо төмөнкү телефондорго байланышып коюнуздарды өтүнөбүз. Сүйүнчүсү сөзсүз болот.
Ак-Талаа РИИБмү 92-1-87, 0708776944, 0770260166
Даярдаган: Г.Мамытбекова