Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылында малина өстүрүү кеңири жайылууда. Малина жылына эки жолу түшүм алат. Анын биринчи түшүмү жай айларынын июнь-июлда мөмө алат, анан күздүн сентябрь-октябрь айларында да мөмө берет.
Айыл тургуну Бүсайра Закирова жети жылдан бери малина өстүрүп келет. Ал малинаны 500 сом менен баштаган. Жылына 5 сотых жеринен 400 кг малина алат.
Закирова малинанын чыгашасы жок, болгону аны суугарып, чөбүн отоп, түбүн чабып, көң салып туруу керек экенин айтат.
«Мен өзүм малинаны жакшы көргөндүктөн өстүргөнмүн, эми мынтип сатып жатам», — дейт ал.
Келечекте дагы кулпунай жана башка өсүмдүктөрдү кошоорун билдирди Бусайра Закирова.
Айыл тургуну Мехриниса Абдумомунова «Биз коңшубуз Бүсайра эжеден жылына 10 кгдан ашык малина сатып алабыз. Азырда малина бышкан мезгил, элдер кышка кам көрүп малина сатып алууда. Негизинен малина сасык тумоо болгондо көп ичилет», -дейт.
Даярдаган: Тинатин Коңурбаева