Жакында биздин айылдын мультимедиа борбору Клооп медиа менен бирдикте өзүнүн биринчи долбоорун утуп 1000 долларга ээ болду. Кененирээк маалыматты борбордун ыктыярчыларынан алсак.

— Мен Кадырбекова Сабина айылдын жамааттык мультимедиа борборунун ыктыярчысымын. Былтыр биздин борбордун волонтерлору, айылдын жаштары Клоопко барып, микропроект жазганды үйрөнүп, долбоор жаздык эле. Долбоор колдоого ээ болду. 
— Мен, Азаркулова Элина, жамааттык медиа борбордун ыктыярчысымын 12-мартта «Ак кептердин» кординатору Султан агай Клоопко барып, берилген каражатка түстүү принтер, япондук «Никон» фото аппаратын жана башка жабдыктарды алып келди.
Эми биз түстүү принтерди колдонуп, маалымат бюллетендерди чыгара баштайбыз. Мунун баарын биз Клооп аркылуу үйрөнүп жатабыз, алар чоң долбоор утуп алышып, Кыргызстандагы жамааттык мультимедиа борборлордун волонтерлорун, журналистиканын негиздерине, фотография, видеого тартканды үйрөтүп жатат. 
Клоопто азыр Үсөнканова Гүльзада үйрөнүп жатат. Июнда дагы бир ыктыярчы барып окуп келет. Мына ошентип, Клооп медиа бизге чоң жардам көрсөтүп жатат. Ушуну менен берүүбүздү аяктайбыз көрүшкөнчө саламатта болуңуздар.
Даярдаган: Сатыбекова Медина
Сынак үчүн