Тасма айылындагы Асан Сопиев мектебине Ташчайнар деген ат менен белгилүү болгон Нурлан Алишеров өз элине талантын тартуулады. Нурлан 1993-жылы бөйрөгүнөн жабыр тартып, дарыгерлер бир бөйрөгүн алып салышкан, ошондон кийин ага 21 килограмдан ашык көтөрүүгө болбойт деп тыю салышкан.

Нурлан Алишеровго 2011-жылы түшүнөн аян келип, Манас ата батасын берип, өзүң эле чектелбестен кырк эр азаматка үйрөтөсүң деген батасын берди, ошол батанын негизинде шакирттерибизди топтоодобуз дейт ал.

“Мен өзүм Алишеров Нурлан Табылдиевич 1976-жылы Талас облусунун Ынтымак айылында туулуп өскөм. Өзүм экинчи топтогу майыпмын, баардык нерсени өзгөртүүгө болот экен, дарыгерлер тыю салган 21 киллограмм эмес, азыр асты 200 тоннага чейин көтөрүп жатам. Бүгүнкү күндө жерлерди кыдырып концерт коюп жатканыбыздын максаты жаштарга акыл насаат тартуулоо. Ушул мезгилге чейин ар кайсы облустардан өзүбүздүн 16 шакиртибизди топтодук. Чеченстан өлкөсүнө барып “Дүйнө жүзүндөгү эң күчтүү адам” , Украинадан “Феномен кишиси”, Москвадан “Минута славынын катышуучусу” деген сыйлыктарга ээ болдум. Чет жерлерге баруу үчүн кеткен чыгымдарды өзүбүздүн “Ташчайнар» фонду бар ошол фонддон каржылайбыз», — дейт Алишеров.

Ташчайнардын концертинде адамдын саны көп болуп, көңүлдүү өткөнүн айтат Сопиев мектебинин уюштуруучу завучу Назира Өмүрзакова.
“Концер кызыктуу өттү, окуучулардын, ата-энелердин баардыгы активдүү катышышты. Билеттер бизге райондон бөлүнүп берилген, баасы да канааттандыраарлык болгон үчүн зал толтура киши болду. Алар өздөрү эле кече коё бербестен, залдан окуучуларды да оюндарга катыштырып жатышты бул көрүүчүлөрдү абдан кызыктырды”, — дейт Назира Өмүрзакова.
Мектеп окуучусу Жазгүл Азекова Ташчайнарды мурда телевизордон гана көрсөк, эми бизидин айылга келип талантын тартуу кылды, бул үчүн биз кубандык дейт.
“Ташчайнарды көрүп таң кала берчүмүн кантип тиши менен көтөрмөк эле, баардыгы жасалма го деп ойлочумун. Бирок бизге келгенде баардыгын жанынан көрүп анан ишендим. Бул концерт да жакшы өттү, көңүлдүү болуп мага жакты”, — дейт Азекова.
Даярдаган: Алина Амантурова, Айдай Амантурова
Сынак үчүн
АА