Кара-Суу айылында жүрүп жаткан жазгы талаа иштери тууралуу айтып беребиз. Кененирээк маалыматты айылдын фермерлеринен жана тургундарынан алсак.
— Бир гектар жерди айдаганы, малалаганы, тырмап, сепкени 2000 сомго чейин барат. Быйыл солярка арзан болуп, дыйкандарга кичине болсо да жеңилдик болду. Баасы 28 сом болуп жатат.
Техниканын, трактордун тетиктерин доллар кымбаттады деп эле кымбаттатып жатышат, дейт жаш фермер Канат Ибраимов.

— Быйыл өзүбүздүн техника менен айдадык, 350 сомдон септирдик арпаны. Беденин ордун 1000 сомдон айдап, бузуп берип жатышты трактористтер. Техниканы кармоонун деле өзүнүн азабы бар — оңдош керек, тетиктери кымбат, дейт айылдын тургуну Каныбек Молдраимов.
Сиздер уккандай жазгы талаа иштери аяктайын деп калды. Эми талаа жүгөрү жана кант кызылчасын себүүнү күтүп жатат.
Даярдагандар: Канышай Алымбекова, Айзаада Анвар кызы, Сабина Кадырбекова.
Сынак үчүн