Кара-Суу айылындагы эң бир негизги көйгөйлөрдүн бири уйду жаюу маселеси. Эмне үчүн жаз келгенде уй жаюу чоң маселеге айланат, уй жайганга бадачылар араң табылат?
Бул тууралуу айыл тургундарына суроо узаттык.

— Менин атым Кымбат. Уй башына 300 сомдон төлөйбүз. Ооба, кымбат сүт да жакында, күн жылыганда 11 сомго түшөт өзүн өзү актабайт. Эки уй саайм 10 литр төгөм жумасына 500-700 сомдон алам. Жетпейт, тамак-ашка эптеп жеткизебиз, балдарга кийимге, дептерлерине жетпейт. Былтыр Аваз байке кайтарган, а быйыл болсо өзүбүз кезүү менен, кимде канча уй бар ошончо күн кайтарышат.

— Былтыртан бери кайтарып жатышат, бирок быйыл канчадан кайтарат азырынча билине элек. 1-апрелден баштап билинет. Былтыр уйга 300 сом болчу ай сайын, деди Назира Дүйшекеева.

— Биз көчөнүн уйларына кошобуз, былтыр 300 сом болчу, а быйыл чечиле элек, деди Акылбек аксакал.

— Уйду, албетте, кошобуз да айылда жашап жаткандан кийин кошулат да. Бирок быйыл уйду ким кайтарат, же кайтарбайт деген суроолор туулуп жатат. Андан тышкары кымбат болуп жатат. Былтыр 300 сомдон эле быйыл дагы көтөрүлөт деп, ошон үчүн уй жайганга киши чыкпай жатат болуш керек. Албетте, уй жайганга Кара-Суу айылында жер кенен башка айылдарга караганда. Анан аны 400-500 сомго көтөрүүнүн деле кажети жок. 100 сом деле туура болмок. Кара-Сууда чөп көп ар бири жыйнап алган. Жазга чейин жетет. Чөптөн айыл адамдары кыйналбайт деле болуш керек. Бизде бир уй, үч кунаажын, деди айыл тургуну Ажиева Г.
Буюруса көчөнүн малын жайганга киши табылар деп ойлойбуз.
Даярдагандар: Адина Бекташова, Сезим Дүйшекеева, Бейшенбекова Гүлзада.
Сынак үчүн