Ак-Талаа райондук соту “Кыргыз тили жана Айтматов ааламы” аталышындагы үч айлыктын алкагында залкар жазуучунун 95 жылдыгына карата адабий кече өткөрдү. Кече кыргыз тилин өнүктүрүү жана даңазалоо, КРнын мамлекеттик тил жөнүндө конституциялык мыйзамын ишке ашыруу жана жазуучунун рухий дөөлөттөрүн даңазалоо максатында уюштурулду.
Иш-чаранын жүрүшүндө райондук соттун төрагасы Карабай Шаназаров жазуучунун өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндө баяндама жасап, Чыңгыз Айтматовдун кыргыз элин дүйнө жүзүнө таанытууга эмгеги зор экендигин белгиледи.
Ал эми судьянын жардамчысы Кудайберген Мамаш уулу КРнын мамлекеттик тили жөнүндө мыйзамы тууралуу кеченин катышуучуларына түшүндүрмө берип, өз сөзүндө: “Мамлекеттик тил Кыргыз Республикасынын бардык этносторун бириктирүүчү жана алардын өз ара түшүнүшүүсүн жана байланыштарын бекемдөөгө өбөлгө түзүүчү өлкөдөгү улуттар аралык баарлашуу тили болуп саналат”, — деди.
Ошондой эле, Ак-Талаа райондук сотунун эмгек жамааты тегерек үстөлдө Ч.Айтматовдун “Ак кеме” повестин талкуулашты. Алар чыгарманын идеясын талдап, каармандарын аракеттерине көз караштарын билдирип, ойлорун ортого салышты.
Жазуучунун бейнесине арналган адабий кечеде кызматкерлер патриоттук мазмундагы ырларды көркөм окуп, обондуу ырларды дагы аткарышты.
Мындан тышкары, Ак-Талаа райондук сотунун кызматкерлери Чыңгыз Айтматовдун «Биринчи мугалим» повестинин элге кеңири белгилүү эпизодун кыска метраждуу тасмада чагылдырып, каармандардын образдарын жаратышкан. Тасмада Дүйшөндүн ролун Эламан Майрамбеков, Алтынайдын ролун Алина Карыбекова, жеңенин ролун Сүйүмкан Көлбаева жана окуучулардын ролдорун Манас Жолдубаев менен Бакдөөлөт Абдылдаев аткарышкан.
Барчын Мамытбекова