Ак-Талаа районунда окуучулар арасында «Бийчилер таймашы — 2026» сынагынын финалдык туру өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды. 1-апрель күнү таймаштын финалдык туру өтүп, сынактын катышуучулары кыргыз улуттук бийин, ретро бийлерин бийлөө жана бий табышмак тапшырмаларын аткарышты. Сынакка кенже бий топтору жана чоң бий топтору катышты.




Жыйынтыгында калыстар курамынын чечими менен жеңүүчүлөр аныкталып, аларга акчалай сыйлыктар жана дипломдор ыйгарылды.
Кенже тайпалар боюнча;
— 1-орунду Үгүт айылындагы Муса Баетов атындагы орто мектебинин «Күн нуру» бий тобу жана Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин «Шоола» бий тобу ээлеп, (упайлары бирдей чыккан),

— 2-орунду Кош-Дөбө айылындагы Эргеш Мейманов атындагы орто мектебинин «6-(г) класс» бий тобу,

— 3-орунду Ак-Кыя айылындагы Асаналы Абдраимов атындагы орто мектебинин «Ак Мөөр» бий тобу камсыздады.

Чоң тайпалар боюнча;
— 1-орунду Жалил Сыдыков атындагы балдар билим берүү борборунун «Кыял» бий тобу жана Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин «Азем» бий тобу багындырды, (упайлары бирдей болуп калган)


— 2-орунду Терек айылынын Калый Молдобасанов атындагы орто мектебинин «Нурдэнс» бий тобу,

— 3-орунду Ак-Чий айылындагы Мурзабек Балбаков атындагы орто мектебинин «Айдай» бий тобу ээледи.
Мындан тышкары, сынакка активдүү катышкан бий топтору дагы акчалай сыйлыктарга ээ болсо, ал эми бий топторун даярдап алып келген мугалимдерге райондук маданият бөлүмүнүн ыраазычылык каттары ыйгарылды.

Ошондой эле, мыкты бийлеген 6 бий тобу 11-апрель күнү Нарын шаарында өтө турчу «Дүйнө элдеринин достугу — 2026» аталыштагы эл аралык сынакка катышууга жолдомо алышты.



Эске салсак, 25-март күнү Ак-Талаа райондук Кайыпбек Султангазиев атындагы маданият үйүнүн уюштуруусу менен окуучулар арасында «Бийчилер таймашы — 2026» кароо-сынагынын тандоо туру өтүп, ага чоң жана кенже тайпалардан турган жалпы 18 бий тобу катышып, анын ичинен жалпы 12 бий тобу финалга чыгышкан.
Даярдаган: Барчын Мамытбекова