Бүгүн ɵспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу, мектеп бүтүрүүчүлөрүнө кесип тандоодо көмөк көрсөтүү, жаш ɵспүрүмдɵрдү мекенчилдикке тарбиялоо жана тарыхый баалуулуктарды даңазалоо максатында «Жаркын келечекке кадам» аттуу «Ачык эшиктер күнү» ɵткɵрүлдү.




Ага райондогу жалпы билим берүү мектептеринин окуучулары катышып, аким Мирлан Камчыбеков окуучуларды кабыл алып, кылмыштуулуктан алыс,билимге умтулган, келечекте мамлекеттик чыгаан инсан болууга чакырып, окууларына ийгиликтерди каалады.
Ал эми Ак-Талаа районун прокурору Бийкелди Акматов «Кылмышсыз келечек» аталышындагы билдирүү жасап, кылмыштуулук келечек үчүн кесепетин айтып, кылмыштуулуктан алыс болууга чакырды.

Андан соң райондук тарых музейин кыдырып, райондун тарыхы жана белгилүү инсандары, тарыхый жайлар, маданий мурастар боюнча маалымат алышса, №40 М.Барашов атындагы кесиптик лицейди кыдырып окуу жай менен таанышты.


Ошондой эле райондук эмгек, социалдык камсыздоо миграция башкармалыгы тарабынан учурдагы эмгек рыногуна керектүү кесиптер боюнча маалымат берилип атайын оюн ɵткɵрүлүп катышуучуларга чакан белектер тапшырылды.
Мындан сырткары, окуучулар РИИБ жана райондук соттун имаратында болуп, жетекчилери менен жолугушуп, суроолоруна жооп ала алышты.




Аталган «Ачык эшиктер күнү» райондук админстрациянын демилгеси менен уюштурулду.
Даярдаган: Барчын Мамытбекова