Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинин окуучулары улуу жазуучу Ч.Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөрдү тасмага түшүрүштү.
Аталган иш-аракет 12-декабрь Улуттук адабият күнүнө арналып өткөрүлгөн бир айлык декаданын алкагында жасалды.
Мектептин кыргыз тили жана адабияты усулдук бирикмесинин жетекчиси Г.Мамытбекованын айтканына караганда кинотасмаларды 8-11-класстын окуучулары өз алдынча, эч кимдин жардамысыз тартышты.
«Айрым класстар бирден чыгармадан үзүндү тартышса, 3-4 чыгарманы тарткандар да болду. Суукка карабай окуучулар сабактан кийин тартышты. Алар бул иши менен жазуучунун чыгармаларын сүйө тургандыктарын көрсөтө алышты. Негизи бул сынак түрүндө жарыяланган. Жыйынтыгы чыгарылды»,- деди.
Декаданын соңунда «Мыкты кинотасма» деп Ч.Айтматовдун «Саманчынын жолу» чыгармасы боюнча 11в-классынын окуучуларынын тарткан тасмасы 1-орун, ал эми 8б-классынын «Кылым карытар бир күн» романы боюнча тартылган «Манкурт» тасмасы 2-орунга ээ болду. 11а-классынын окуучуларынын «Манкурт» тасмасы 3-орунду алды. Мындан сырткары «Мыкты видеоролик», «Мыкты актер» номинациялары боюнча жеңүүчүлөр аныкталып, грамоталар жана акчалай сыйлыктар ыйгарылды.

«Мыкты роль» номинациясында 1-орун алган Мурат Маметов

«Мыкты кино» номинациясы боюнча 3-орун ду 11б-классы жеңип алды

«Мыкты видеоролик» номинациясы 1-орун 10в-класс

«Мыкты кино» 1-орун 11в-класс

11-кл.окуучусу Асель Женишбекова көрүүчулөрдун арзуусуна татыды
Ошондой эле ролдорду мыкты аткарган окуучуларга көрүүчүлөрдүн арзуусуна татыктуу болгон окуучуларга да таттуулар белекке берилди. Окуучулардын эмгектерине мектептин жана усулдук бирикменин мугалимдери демөөрчүлүк кылышты.
Акбар Кеңешбеков
Сүрөт: Аксана Жусупова жана Асема Мирбек кызы