Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинде окуучулардын кышкы каникулун пайдалуу өткөрүү, жаш өспүрүмдөр арасында сергек жашоо образын калыптандыруу, мектеп менен ата-эне байланышын чыңдоо максатында ата-энелер менен бирге спорттук оюндардын финалдык туру уюштурулду.
Кыздар волейболдо күч сынашууда
Эстфета оюну
Балдар жана ата-энелер аркан тартышуу
Скакалка секирүүдө көпчүлүк окуучулар мыкты көрсөткүчтү беришти
Спорттук мелдеште жогорку класстын окуучулары жана ата-энелери арасында волейбол, ал эми 7-8-класстар үчүн эстафета болду. Командалар жигердүү катышып, артыкчылык көрсөтүүгө аракет кылышты. Соңунда жеңүүчүлөргө грамтоталар тапшырылды.
Жеңүүчүлөргө грамоталар жана медалдар тапшырлды
Ал эми буга чейин күзгү каникулда алгачкы туру өткөрүлүп, жеңүүчүлөр аныкталган. Спорттук оюндарды өткөрүүдө дене тарбия мугалимдери көмөктөшөт. Аталган мектепте мындай спорттук мелдештер мезгил-мезгили менен уюштурулуп келет.
Барчын Мамытбекова