Кыш чилдеге карабастан Ак-Талаа районунда калк көмүр отуну менен 100% камсыз боло элек. Учурда райондун аймагындагы “Турук” кенинен күнү-түнү көмүр тартылууда. Кышка карата райондук штабдын башчысы Улан Жылтыровдун маалыматына караганда азыркы тапта дагы кенде 20 унаага көмүр жүктөлүп жатат.
“Дагы 3миң тонна көмүр тартылышы керек деп жатабыз. Бирок бул сан так эмес. Анткени былтыр 4 тонна алган тургун быйыл андан көп же аз алышы мүмкүн. Айырма болот. Бизге азыр көмүр жок деген бир гана жаран кайрылды. Түшүртүп бердик. Биздин максатыбыз калкты кыштан аман-эсен чыгуусуна көмөктөшүү. Эгер катуу суук болуп, көмүрдөн кайра көйгөй жаралса Кара-Кечеден болсо да тарттырып келебиз. Айыл өкмөттөр да бул боюнча жер-жеринде иштерди алып барып жатышат.
Андан сырткары Ас-Сафа кайрымдуулук фонду тарабынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 1тоннадан көмүр таратылып берилди” дейт.
Ак-Талаа району боюнча жалпы 16400 тонна көмүр отуну керектелсе, 12870тонна тартылды. Жакынкы арада “Турук” көмүр кенинде кайра дагы тазалоо иштери жүргүзүү үчүн 10-15 күнгө жабылат.
Барчын Мамытбекова