«Ыйык-Ата Журт Кызыл-Кыя» коомдук жаштар фонду жана «Secom» билим берүү мекемеси тарабынан уюштурулган 3 күндүк Ош шаарындагы кышкы лагерге Кулатов айыл өкмөтүнүн окуучулары катышты.
Баткен областынын 11-классынын окуучулары да «Кышкы лагерге» катышты. 7-8-9-январь кундору Ош шаарында болуп, жалпысынан 124 окуучу катышты. Лагерде ЖРТ багытында жана кесипти туура тандоо боюнча семинарлар, кино сааттары, оюндар, китеп окуу сааттары, китеп талкуулар жана университеттер менен кененирээк таанышуулар болду.
Чынара Көчкөнбаева