Ак-Талаа районунда Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгы менен Коңорчок айылындагы Насипа Жыргалбекова атындагы орто мектебине Жогорку Кеңештин депутаты Мурадил Сыдыковдун демөөрчүлүгү астында “Daewoo Nexia” үлгүсүндөгү автоунаа тапшырылды.
Байгеге коюлган автоунаа
Автоунаанын ачкычы тапшырылды
Тактап айтканда аталган мектептин бүтүрүүчүсү Рысбек кызы Айым тестирлөөдө район боюнча эң жогорку 216 упай аллган.
Рысбек кызы Айымга ноутбук тапшырылды
Ал эми бүтүрүүчү Рысбек кызы Айымга ноутбук, мугалимдерине акчалай сыйлык ыйгарылды.
Мурадил Сыдыковдун айтымында автоунаа жыл сайын мектеп, бүтүрүүчүлөр арасында шык, дем берүү максатында байгеге коюлат.
Мурадил Сыдыков Жогорку Кеңештин депутаты
“Талыкпаган эмгектин натыйжасында ушундай ийгиликтер жаралып жатат. Быйыл 8 окуучу 200дөн ашык упай алды. Мындай жакшы жыйынтык улана берсин. Ал эми биздин саамалык кийинки жылы дагы уланат. Келечекте мыкты инсан болгула”, — деди Мурадил Сыдыков.
3 жыл удаа С.Атамбеков мектеби 3 унаа жеңип алган (сүрөт архив)
Белгилей кетсек, акыркы 4 жылдан бери эл өкүлү Мурадил Сыдыков тарабынан райондо ЖРТдан эң жогорку упай алган мектепке автоунааны сыйлык катары ыйгарып келет. 3 жыл удаа С.Атамбеков орто мектеби жеңип алышкан.
Барчын Мамытбекова