15-майда Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл өкмөтүндө чоң иш-чара өткөрүлдү. Иш-чарада өкмөткө АКТЕД эл аралык уюумун каржылоосу менен, кырсык учурунда жарандарды куткаруучу инвентарлар алынып келди.Инвентарларды АКТЕД эл аралык уюмунун өкүлү Бакытбек Муратов Өкмөт жамаатына тапшырды.Бул тууралуу маалыматты Бакытбек Муратов төмөнкүчө билдирди:«Сумбула айыл өкмөтүндөгү 3 өрт ыктыярдуу тобуна бардык керектелүүчү инвентарларды алып келдик. Жалпы суммасы 100 миңдин тегерегинде. Долбоордун аталышы жамааттарды өзгөчө кырдаалдарга даярдоо. Долбоорду колдоочу Европа комиссиясы. Ишке ашыруучу АКТЕД эл аралык уюму. Бул командаларды окутуп үйрөттүк. Табиигый кырсык катталган учурда берилген инвентарлар менен элдердин коопсуздугун сактайт деген ишеничтебиз».Сумбула айыл өкмөтүнүн өзгөчө кырдаалдар боюнча адиси Бахридин Өмүрзаков АКТЕД эл аралык уюмуна ыраазычылыгын билдирип, кошумчалайт:«Бүгүн жакшы иш-чара болду. АКТЕД эл аралык уюмунун өкүлү Бакытбек Муратов 2017-жылдан бери Андарак, Искра, Коммуна айылдарында ыктыярдуу өрттөн куткаруучу топту түзүп, даярдап, азыркы учурда кырсык учурундагы жарандарга керек болгон инвентарларды берди».Даярдаган: Данияр Исакбаев
Мыкты макала сынагы үчүн