Күйүүчү майдын күндөн күнгө кымбатташы элдин жашоо тиричилигин ого бетер кыйындатты. Учурда бензиндин литри 45 сомдон айланууда. Күйүүчү майдын кымбатташы такси кызматында иштегендер үчүн чоң көйгөй болду.
— Бензиндин кымбатташы карапайым калк менен бирге бизге да кыйын. ошондуктан жол кире баасы 10 сомго жогорулады. Унаа тетиктери кымбат, тамак-аш, азык-түлүк бүт эле кымбаттап жатпайбы, -дейт “Биримдик” маршруттук каттамынын айдоочусу Азиз Жуманазаров.
-Бирок мындан ары да күйүүчү май баасы дагы да көтөрүлөт деп айтып жатышат. Андай болсо алыскы айылдарга каттаган таксилер токтошу мүмкүн. Себеби каттаган менен өзүн өзү актабайт да, -дейт дагы бир айдоочу Жанчарбек Иманкулов.
Күйүүчү майдын мындай кескин кымбатташы акыркы 10 жыл аралыгындагы эң жогорку көрсөткүч болгону айтылууда. Алдыда жаз, жер айдоо иши башталаарда күйүүчү майдын кымбатташы жону жукарып турган карапайым эл үчүн ого бетер кыйын. Ал арада мамлекет тарабынан аз камсыз үй бүлөлөр үчүн мамлекет тарабынан күйүүчү май берилиши пландалууда.
— Мамлекеттин жардамы менен быйылкы жазгы талаа жумуштары үчүн Талас облусундагы 4 районго 10 тоннадан 40 тонна солярка бекер таркатылат. Айылдагы аз камсыз үй бүлөлөргө 50 литрден күйүүчү май берилет. Аз камсыз үй бүлөлөрдүн тизмеси эмгек жана социалдык өнүгүү бөлүмү тарабынан такталып берилет. Учурда айылдагы соцадистер үй бүлөлөрдү тактап иштешүүдө, -деп билдирди Талас райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Дамира Рысалиева.
Талас: “Ак калпактагылардын” арыз-арманы
Мира Сейдикеримова