Ноокат районунун Арбын айылында катуу жааган жамгырдын айынан тоодон эки күн катуу сел келип, каналдардын, арыктардын башын сел алды. Таза суунун ичине ылай суу кирип кетип, суу чорголору жарылып, айыл тургундарынын көпчүлүгү бир жумага жакын суусуз калды.
Арбын айылынын тургундары куурларды, каналдарды таза суунун баштарын калып кеткен жаман нерселерден тазалап, суу чорголорун кайрадан казып жамап, оңдоп-түздөп жатышат.
Айыл башчы Асан Кадыров:
— Жамгыр өтө катуу жаап, тоодон сел келип суунун баштарын сел алып кетип, айылдын көпчүлүк бөлүгүнө суу келбей калды. Бирок бир жак бөлүгүнөн суу берилип жатты, ал эми экинчи жагынан келбей жатты. Себеби бир жак бөлүгү таза, экинчи бөлүгү бүтүп калган. Үч күндөн бери ашар жолу менен калган-каткан нерселерди тазалап жатабыз, бүгүн түштөн кийин айылдын бардык жерине суу берилет.
Даярдаган: Зарина Нурдинали кызы