Ноокат районунда чөп сезону башталып, адамдар өздөрүнө тиешелүү жерлердеги чөптөрдү жыйнай башташты. Алар адырдагы чөптөрүн тракторлорго ордуруп, тырматып, престетип базарга алып барып же болбосо ордунан сатышууда. Айрымдары үйүндөгү мал жандыктарына кышкыга тоют камдоодо.
Быйылкы жылы чөп жакшы болбогуна байланыштуу базарда жылдагыга караганда кымбат болуп жатат. Адамдар жылда базарга алып барып 100 сомдон сатышса, ал эми быйыл 130 сомдон сатышууда. Алып сатарлар болсо мурда ордунан 90 сомдон сатып алышса, быйыл 115 сомдон алышууда.
Ноокат районунун тургуну Меңиш Ташматов:
— Быйыл чөп жакшы болбой калды, мурда 4 гектар жерден 1000ге жакын пресс алат элек, быйыл болсо 4 гектар жерден 456 пресс чыкты. Жылда чөпөн 100 миңге жакын пайда көрөт элек, быйыл үйгө жыйдык, ал эми пайдасынын 1/2 бөлүгү ордурганыбызга, престеткенибизге кетип калды. 1 сотук жерди 15 сомдон оруп, 15 сомдон тырматтырып, 14 сомдон пресс кылдырабыз.
Даярдаган: Зарина Нурдинали кызы