Ноокат районундагы Арбын айылынын тургуну Айгүл Мамажунусова көп жылдан бери айылдаштарына жашоодо керектелүүчү пайдалуу кеңештерди окутуп-үйрөтүп келет. Анын сабагына келгендердин көпчүлүгү ата-энелер.
Айгүл Мамажунусова айыл тургундарына сүттү керектөөнү, жүндөн ар кандай буюмдарды жасоону жана башка күнүмдүк турмушта керек болгон нерселерди үйрөтөт. Каалоочулар үчүн ар дайым эшик ачык. Сабак «Арбын» орто мектебинде болот.
Бул окууга 7 жаштан 70 жашка чейинки кызыккан айыл тургундары катыша алат. «Арбын» орто мектебинде жакында эле «Акчаны туура пайдалануу» деген темада окуучу, мугалим, айыл тургундарына сабак өтүлдү.
Айгүл Мамажунусова:
— Бул иш менен алектенгениме аз эле убакыт болду. Мен өзүм мындай нерселерге кызыгам. Өзүмдүн билген сырларымды бөлүшөйүн деп чечтим. Тургундарга көп нерсени үйрөткөнүм үчүн кубанычтамын.
Даярдаган: Зарина Нурдинали кызы