Ноокат районун тургуну Ариет Шарипов үч жылдан бери пластик терезе жасоо менен алектенет.
Пластик материалдарын көбүн Ош шаарынан алып келет, ал эми өндүрлгөн жери болсо Казакстан мамлекети. Сапаты азыркы талапка жооп берет. Бул ишкердин кардары үзүлбөйт, анткени ал 15 жылга кепилдик менен сатат.
Ал жалаң табыштама менен иштейт. Кардарлар көп болгондуктан жетишпей калган күндөр да болот. Пластик терезелерди 1 чарчы метрин 33 доллардан 50 долларга чейин сатышат.
Ишкана жетекчиси Мырзабек Айтмаматов «Мен бул ишкананы 3 жылдан бери иштетип келем, кудайга шүгүр, тапканымы ушул жерден табып жатам, элдерден арзыдар болгон жок» деп билдирди.
Автор: Тинатин Коңурбаева