Ноокат районунун Көтөрмө айылындагы «Көтөрмө-Нур» балдар бакчасында капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат.
Бул бакча 1964-жылы курулган. СССР убагында иштеп, ал тарагандан кийин бакча иштебей калган. Андан кийин 2000-жылдан баштап элдин, тарбиячылардын демилгеси менен кайра ишке киргизилген.
Алгачкы капиталдык ремонтту баштаарда «Балдарды коргоо уюму» 68 миң сомдук каражат бөлүп жардам берген. Капиталдык ремонтко чейин бала бакча 2-3 жолу оңдолгон өткөн. Бирок ал ремонттор бакчанын абалын анча жакшырта алган эмес.
Билим уясынын оңдолушуна бала бакчанын жетекчиси Суусар Асманованын демилгеси зор. Анткени ал долбоор жазып, бала бакчага салымын кошкон.
Бала бакчанын жетекчисинин айтымында, баары жаңыча оңдолуп, балдардын билим алышына жакшы шарттар түзүлмөкчү.
«Бул бала бакча ремонттолуп атканына биз өтө кубанычтабыз. Анткени бул бакча өтө начар абалда болгон. Эми ремонт болсо кичинекей бөбөктор да абдан кубанышат. Бары заманбап түрдө оңдолуп жатат: унитаз, кол жуугучтар коюлууда», — деп билдирди Асманова.
Даярдаган: Элвира Садирали кызы