Ноокат районундагы Куу-Майдан айылынын тургуну Мукадам Абдибаитова көп жылдан бери шахмат оюнун ойноп келет.
Аны шахматка шыктандырган жана үйрөткөн анын атасы болгон. Алар бул оюнду үй-бүлөсү менен, сиңдиси, атасы жана эки иниси болуп ойношкон.
Ал 1988-жылы жана 1990-жылдары айылдык кыз-келиндердин спартакиадасында Кыргыз ССРинин чемпиону болгон. Андан кийин республикада 1-орунду алган.
Азыркы убакта шахматты кызы ойнойт. Кызы республикалык таймаштарда күч сынашып келет. Мукадам эже келечекте ийрим ачып, балдарга шахмат үйрөтүү кыялы бар.
Шахмат оюнунда бирөөнү утуш учун 40 жакшы жүрүш жасаш керек, ал эми жеңилиш үчүн бир гана начар жүрүү жетиштүү дейт ал.
Даярдаган: Аймончок Курсантбек кызы