Ноокат районуна караштуу Арбын айылынын Алма Калыева көчөсүнө жарык коюлду. Каражат айылдык бюджеттен жумшалган.
Чырактар айыл өкмөт тарабынан коюлуп, 2016-жылдын бюджетинен 15 миң сом акча сарпталган. Ушул эле көчөгө дагы 25 чырак орнотулат, учурда алты чырак коюлган.
Айыл аксакалдары «чырак коюлганы жакшы болду, алты чырак болсо да көчө жарык болуп турат. Башта көчө каранңгы болуп, куптанда мечитке адамдар аз келчү, азыр жарык коюлуп адамдар да көп келип калды» дешет.
Арбын айылынын тургуну Элина Сулайманова «жарык коюлганы жакшы болду, мончого барганда кезек көп болгонуна байланыштуу көбүнчө караңгыга калып кетебиз, көчө караңгы болуп коркчубуз. Азыр жарык коюлуп, көчө жапжарык, кечинде көчөдө жүргөндөн да коркпой калдык» деди.
Даярдаган: Зарина Нурдинали кызы
Редактору: Дилнура Абдиламит кызы
Сынак үчүн