Лейлек районуна караштуу Искра айылынын 15 жаштагы тургуну Бекзат Эрматов короздор менен бизнес кылат. Аларды Тажикстанга чейин алып барып, уруштуруп келген.
Учурда дагы короз багып, урушка даярдап жаткан чагы. Жаш ишкер Бекзат Эрматов бизге курган маегинде бул жумушту 8-классында баштаганын айтат.
“Короз багуу кылдаттыкты талап кылат. Төрт маал дан берем, майлуу тамактарды, кээде эт бышырып берем”, — дейт Бекзат.
Азыр Бекзаттын бир эле корозу бар. Анын айтымында, айрым короздорун саткан болсо, кээ бири суукка чыдабай өлүп калган.
«Бул короз жакында Тажикстанга барып күчтүү короз менен урушуп, 2-раундда эле жеңип алды. Учурда дагы күнүнө эки маал машыктырып, урушка даярдап жатам», — деп кошумчалады Бекзат.
Даярдаган: Нурсейит Төлөнбай уулу
АК
Сынак үчүн