Астма оорусунун өсүп жатканын себеби дарттын убагында аныкталбай жатканы. Аныкталганда дагы даарылануу туура жүрбөйт. Ооруган бейтаптардын 60% туура эмес дарыланары белгилүү болгон. Жыл сайын май айынынын биринчи шейшенбиси бронхиалдык астма менен күрөшүү күнү. Бул жылы астма менен күрөшүү күнү оорунун боштуктарын толтуруу девизи астында өтүп жатат.
Астма кандай, эмне болгон оору?
-Бул оору ар кандай аллергиясы бар адамдарда кездешет. Учурдагы абанын булгануусу жана химикаттуу тамак аштар дагы оорунун көбөйүүсүн шарттап жатат. Андан сырткары чылым чегүү, аллергендердин таасиринде оору козголот. Бул оорунун бир гана түрү. Мындан сырткары физикалык жүк, дары-дармектерге аллергиялардан улам дагы келип чыгат.
Оорун кандай белгилер менен коштолот?
-Көбүнчө курч жөтөл менен коштолот. Ал кечки жана таңкы убакта. Ошондой эле кыркырамалар болуп турат абдан курч убагында алыстан угулуп турат. Колко кысылып адамга дем жетишпей дем алууда кыйынчылыктар жаралып энтигүү, демигүү дагы болушу мүмкүн.
Үй-бүлөлүк дарыгер Элмира Астанова астма оорусун толук айыктырууга болбосо дагы аны убагында аныктап, туура дарыланып турса ооруну көзөмөлдөп турууга болорун белгилейт:
«Бизде бейтаптар көп учурда туура эмес дары-дармектерди колдонушат. Кыска убакта таасир этүүчү дарыларды туура эмес колдошушат. Көбүнчө сальбутамол дарысын башаламан колдонгон учурлар кездешет. Ошондой эле оорунун жалгыз эле дарысы сальбутаминол деп ойлошот. Аны күнүнө 6-8 жолудана көп колдонгонго болбойт. Муну андан дагы көп ирет колдонуп таасирин сезбей жатышканынын себеби жагы туура эмес пайдаланып жаткандыктан. Дагы бир учурда мындай дары- дармектерди колдонгондо дарыга көз карандылык пайда болот деп аларды колдонгондон баш тартып коюшат.»
Оорунун белгилер байкалганда кайда кимге кайрылуу керек?
-Жогоруда белгилегендей оорунун белгилери байкалганда же кандайдыр бир нерселерге аллергия козголсо, кээ бир адамдарда чаңга аллергиясы болсо айрымдарда ысыкта же муздакта деле болот. Мындай учурда эң алгач үй-бүлөлүк дарыгерлерге кайрылуу зарыл.
Дарылоо кандайча жүргүзүлөт?
-Акыркы 3 жылдын ичинде Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму оорунун биринчи баскычынан тартып эле ингаляция түрдө бул топтогу дарыларды колдонууну сунуштап келет. Дарылоо үчүн дарылардын бир канча топтору бар биринчиси убактылуу бронхторду кеңейтүүчү дарылар, 2-топто ингаляция жолу андан ары оору абдан күчөп кетсе гормоналдык дары- дармектер ошондой эле аллергияга каршы дарыларды колдонобуз.
Ооруну кантип алдын алса болот?
-Аллерген менен байланыш болбош керек. Кээ бир адамдарда мезгилдүү аллергиялар болушу мүмкүн жаз келгенде, бактар бүрдөп жатканда ошол учурларда антигистаминдик дары-дармектерди ичип аллергияны андан ары өрчүтпөй алдына алган жакшы. Чаңдан же түтүндөн аллергия боло турган болсо же ошондой эле тамекиден булардан оолак болуу керек. Негизи эле дени-сак жашоо образы менен жашоо, туура тамактануу ооруну алдына алат.
Айгерим Кубатбекова