Сокулук районунун Кызыл – Туу айыл өкмөтүнө караштуу Исмаил айылында кунан чабыш болуп өттү. Кунан чабыш жөнүндө маалыматты Исмаил айылынын тургуну «Аргымак» федерациясынын комиссиясынын мүчөсү Талант Касымалиев билдирди.
«Кунан чабыштын максаты, өсүп келе жаткан муунду интернет желесине
арбалтбай, ата-бабаларыбыздан келе жаткан салтты унутта калтырбастан эстеп калуу жана урпактарга өткөрүп берүү».
Кунан чабышка Чүй обулусунан келген бардык чабандестер катышышты.
Жыйынтыгында биринчи орунду Төш-Булак айылынын чабандеси келип сыйлыкка ээ болсо, экинчи орунга Күн-Туу айылынын чабандеси ээ болуп, жүгөн, акчалай сыйлык алды.
Үчүнчү орунга Кызыл -Туу айылынын чабандеси акчалай сыйлык, төртүнчү орунга Күн-Туу айылынын чабандеси ээ болуп акчалай сыйлык алды жана бешинчи орунга Аламүдүн районунун чабандеси ээ болуп акчалай сыйлык менен сыйланды.
Айдай Джолчубекова