Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен 2021-2022-окуу жылы 15-сентябрдан башталат. Мунун себебин министрлик педагогдордун вакцинаны толук алып бүтө электиги менен түшүндүрдү. Өткөн окуу жылы онлайн формада башталса, быйылкы окуу жылы салттуу түрдө башталганы турат. Бул кабарды укккан ата-энелер,мугалимдер, окуучулар сүйүнүчтө,анткени онлайн билим берүү билим сапатына бир топ терс таасирин тийгизди.
Элнура Устаева: «Кымбатчылык болсо да балдарыбыздын билим алуусуна шарт түзүп беребиз».
Кочкор районунун Кара-Суу айылынын тургуну Элнура Устаева бизге буларды айтып берди: «Мектепте эки балам окуйт, азырынча балдарымды окууга даярдай элекмин. Азырынча кийимдердин бааларын карап жүрөм. Былтыр, мурдагы жылы эки баламды даярдоого 10-15 миң сомдун тегерегинде акча коротчумун, ал эми быйыл баа эки-үч эсеге өстү. Кийимден сырткары окуу куралдары да бар. Өзүм иштебейм, жумушсузмун, күйөөм да иштебейт. Албетте, бизге аябай эле кыйын болуп жатат».
Ал эми өзүнүн атын атагысы келбеген Кочкор айылынын тургуну балдарды мектепке даярдоодогу көйгөйлөрү менен бөлүштү: «Аты-жөнүмдү айтпай эле коёюн, себеби мектептеги мыйзамсыз акча чогултуулар жөнүндө айткым келип турат. Төрт балам бар, үчөө мектепте окуйт, бирөө бала бакчага барат. Жолдошум жашоо -турмуштун айынан Москвада иштеп жүрөт. Былтыр жыл башында балдар онлайн окуп кийим деле алып берген эмеспиз. Эки-үч жыл мурун балдарга 50 миң сом сарптачубуз. Быйыл болсо канча сом чыгым болобуз аны айта албайм, азырынча даярдаганга кирише элекпиз. Кийимден тышкары китебин да сатып беребиз. Албетте,ата-энелер балдарыбызды кийим, окуу куралдары менен камсыздоого милдеттүүбүз. Ошентсе да кымбатчылык кыйнап турган учур. Мамлекет тарабынан мектепте мыйзамсыз акча чогултууга тыюу салынганына карабай, ремонтко, бор, тряпка, майрамдарда, мугалимдерге белекке акча деген токтой элек(мисалы ,«Алиппе» майрамы, «Акыркы коңгуроо» ж.б ). Министрлик ушул жагын катуу көзөмөлгө алса жакшы болмок.»
Анара: «Пандемияда кийим эмес, тамакка акча табуу кыйынга туруп калды.»
Кийим базарында соода кылган Анара эжеге суроо менен кайрылганыбызда, ал мындайча жооп берди: «20 жылдан бери кийим сатып иштейм. Көбүнчө мектеп формасын алып келип сатам. Бишкекте да баа абдан кымбат. Окуучулардын мектепке кийген ак көйнөк, ак кофтасы мурда 120 сом болсо, алар азыр 280-300 сомго чейин кымбаттады. Ошол көйнөк кофта дагы Бишкекте жок болуп атат. Окуу башталаарына аз убакыт калса дагы ата-энелер азырынча балдарына кийим алууга келише элек, себеби бардыгы кымбат.»
Бакыт Кожокматов