Ак-Талаа райондук маданият үйүндө Ата Мекенди коргоо күнүнө карата “Мырза жигит” кароо сынагы болуп өттү. Бул сынакка райондун мектептеринен беш окуучу катышып, баш байгени Шүкүрбек Бейшеналиев мектебинин окуучусу Алманбет Кудайбергенов алды.
Кароо-сынакта саламдашуу, мекен ырлары, мырзалардын заманбап этно саркеч кийими, салат жасоо жана “Акыл кенчи” тапшырмалары боюнча күч сынашып, өнөрлөрүн тартуулашты.
![DSC_1459[1]](http://tunukradio.kyrgyzmedia.kg/wp-content/uploads/sites/15/2017/02/DSC_14591-1024x681.jpg)
![DSC_1463[1]](http://tunukradio.kyrgyzmedia.kg/wp-content/uploads/sites/15/2017/02/DSC_14631-1024x681.jpg)
![DSC_1475[1]](http://tunukradio.kyrgyzmedia.kg/wp-content/uploads/sites/15/2017/02/DSC_14751-1024x681.jpg)
Сынактын катышуучулары тапшырмаларга ар бир катышуучу өзгөчө даярданууга аракет кылган. Ал эми мекен ырларында Бек Борбиевдин жана Омардын атуулдук ырлары аткарылды.
![DSC_1476[1]](http://tunukradio.kyrgyzmedia.kg/wp-content/uploads/sites/15/2017/02/DSC_14761-1024x681.jpg)
Саркеч кийимдер тапшырмасында Бейшналиев жана Жусупбаев атындагы мектептин окуучуларынын кийими жана жактап берүүсү жогору бааланды.
![DSC_1472[1]](http://tunukradio.kyrgyzmedia.kg/wp-content/uploads/sites/15/2017/02/DSC_14721-1024x681.jpg)
Үй тапшырмасы салат жасоодо да айрым мырзалар жасоо маданияты, тазалыгы, кийими менен айырмаланышты.
![DSC_1506[1]](http://tunukradio.kyrgyzmedia.kg/wp-content/uploads/sites/15/2017/02/DSC_15061-1024x681.jpg)
Маданият үйүнөн жана билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрүнөн турган комиссиянын берген бааларынын жыйынтыгы менен баш байгени Бейшеналиев окуучусу Кудайбергенов Алманбет, 1-орунду Карасартов мектебинен Жапарбеков Кылымбек, 2-орунду Ш.Бейшеналиев мектебинен Таалайбеков Улан жеңип алышты. Жеңүүчүлөргө райондук маданият үйүнүн сыйлыктары тапшырылды.
Даярдаган: Кубанычбекова Эльвира
Редактору: Айылчиева Адина
Сынак үчүн