Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев мектебинде Ак-Талаа районундагы мекеме-ишканалардагы кыз келиндер арасында өтмө кубоктун кезектеги оюну болуп өттү. Мелдешке бул жолу сегиз команда катышып, райондук “Тынчтык” балдар бакчасынын эмгек жамааты уюштурду.



Буга чейинки болуп өткөн спорттук мелдештердин төрт айлампасындагы оюндардан айырмаланып, бүгүнкү оюнда мүшөк менен секирүү, жаздык чабышмай, бир шакекченин ичине эки киши болуп айланып чуркоо жана таякчанын жардамы менен топту тоскоолдуктардан алып өтүү сыяктуу оюндар ойнолду.


Жаздык чабышуу оюнунда бала бакча жана оорукананын айымдары артыкчылык кылышса, калган эстафеталык оюндарда балдар билим борбору, мугалимдер жигердүү катышты.

Мелдештин соңунда өтмө кубокту жана кийинки мелдешти уюштуруу милдети балдар билим борборунун жамаатына тапшырылды.


Ал эми 2-орунду Бейшеналиев мектеби, 3-орунду Карасартов мектеби камсыздады.
Жеңүүчүлөргө бала бакчанын директору М.Мундусбаева сыйлыктарды тапшырып, ден соолук жана ынтымакты чыңдоо максатында уюштурулуп жаткан мелдешке ийгилик каалады.
Даярдаган: Жылдызбек кызы Алтынай
Редактору: Айылчиева Адина
Сынак үчүн
Маалымат басылманын менчиги болуп саналат жана көчүрүп басууга тыюу салынат!