Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Автор: oogantalaa

Айылда таттуулар чыгарылуучу ишкана ачылды

Базар- Коргон районунун Чарбак айылында жаңы чакан ишкана ачылды. Кондитер цехин Акыл Азимкулов жана келинчеги Саида Такаева иштетет. Азыркы учурда торт чыгарып жатышат.

Видео: Бүтүрүүчүлөр кесиптик лицейге саякатка барышты

Ооган-Талаа айылындагы Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинин бүтүрүүчү 9-11-класстары Байышбек Абдураимов атындагы кесиптик лицейге саякатка барышты.

Ооган-Талаа: Жаңгак кыямынын пайдасын билиңиз

Ооган-Талаа айылынын тургуну Нурадил Субанов жаңгактан кыям жасайт. Жаңгактын кыямы зоб оорусуна пайдалуу болгондуктан сурап келгендер көп болууда.

Мугалимдер окуучуларды ЖРТга даярдоо боюнча билим алышты

ЖРТке бүтүрүүчүлөрдү даярдоонун эффективдүү жолдору, тесттин тапшырмаларындагы математикалык логикалык суроолорду чечүүнүн ыңгайлуу ыкмалары боюнча 2020-жылдын 18-декабры күнү Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу √30 Ө.Атабекова инновациялык гимназия мектебинде математика мугалимдери …

Мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жардам берүү улантылууда

«Биз биргебиз» аттуу акциянын алкагында Базар-Коргон районунда ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жардам берүү улантылууда.

Сурамжылоо: Сиз кандай мамлекеттик башкарууну колдойсуз

Ооган-Талаа жамаатык мультимедиа борбору айылдын элинен сурамжылоо жүргүздү. Сурамжылоодо келе жаткан референдумда коюлуучу үч багыт боюнча пикирлер алынды.

Ооган-Талаада улгайгандарга жардам көрсөтүлдү

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын №237-токтомуна ылайык Улгайган адамдарды коргоонун күнүн өткөрүүдө, айыл аймагындагы улгайган жана жалгыз бой карыяларга азык-түлүктөр берилип, моралдык жана материалдык колдоолор көрсөтүлду.

Жашоо- шарты оор үй-бүлөлөргө үй куруп берилди

Айыл өкмөттөгү кризистик абалда турган, жашоо шарты өтө оор Ооган-Талаадагы эки үй- бүлөгө 2020- жылдын эсебинен үй курулуп берилди.

Ооган-Талаанын эли эмдөөдөн өттү

Базар-Коргон районундагы Ооган-Талаа айылынын эли сасык тумоого каршы эмдөөдөн өтүштү. Эмдөө 3 жашка чейинки балдарга, 60 жаштан жогорку улгайган жана мамлекеттик иштерде иштегендерге берилди.

Ооган-Талаа: Элдин жардамы менен мечит оңдолду

Ооган-Талаа айылында 1990-жылдары салынган мечит эскилигине жетип, 2019-жылы жаңы курулган. Мечитке ысык суу, кудук, отун, көмүр каналары жок болчу. Элдин, Россияда иштеп жүргөн балдардын демилгеси менен курулду.

Жаңы конуш электр жарыгы жана суу менен камсыз болот…

Ооган-Талаа айылындагы жаңы конушка өкмөт тарабынан каржы бөлүнүп, электр мамычалар жана электротрансформатор коюлуп жатат.

Базар-Коргон: Чыңгыз Айтматовдун каармандарын тарткан окуучулар сыйланды

Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулган сынак жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр сыйланды. Маданият: Ч.Айтматовдун «Биринчи мугалим» чыгармасын аткарышты Тимурлан Мелисбеков

Маданият: Ч.Айтматовдун «Биринчи мугалим» чыгармасын аткарышты

Базар-Коргон райондук маданият бөлүмүндө улуу жазуучу Ч.Айтматовдун туулган күнүнө жана 12-декабрь Улуттук адабият күнүнө карата Ч.Айтматовдун, «Биринчи мугалим» повестинен маданият үйүнүн жана китепкана кызматкерлеринин аткаруусунда сахналаштырылып коюлуп, иш чара өткөрүлдү.

Видео: Ооган-Талаада эл бет кап кийип жүрүшөбү?

Ооган-Талаанын жашоочулары азыркы кырдаалда бет кап кийип жүрүшөбү? Айыл тургундары «Маскачан» үгүтүнө активдүү катышып жатышат. Бул иш-чара Кыргызстандагы Интерньюс өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулуп, Жамааттык ЖМКлардын өкүлдөрү активдүү катышууда.

Мугалим: «Биз биргебиз» акциясын өткөрдүк

Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинин мугалимдери «Биз биргебиз» акциясын өткөрдү. Акцияга мектептин мугалимдери катышып, топтолгон акчага мектептеги мүмкүнчүлүгү чектелген окуучуларга акчалай жана таттуулар алынып, үйлөрүнө барып тапшырылды.

Тарбиячы: «Биз балдарды сагындык»

Пандемияга байланыштуу бала- бакчалар жабылган. Ата-энелер жана тарбиячылар бакчалардын ачылышын күтүп жатышканын айтууда.

Айылдаштары Сатыбалды Далбаевди эскеришет

Сатыбалды Далбаев тирүү болгондо 15-декабрда 86 жашка толмок. Далбаев ааламдан өтүп кетсе да, эли, окуучулары дайыма жасаган эмгегин эстеп эскеришет.

Видео: Могол айыл өкмөтү муктаждарга акчалай жардам берди

Могол айыл аймагында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга акчалай жардам берилди. Мындай көмөк көрсөтүү 3- декабрь ден- соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга карата жасалып келет. 

Сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды

Базар-Коргон районунда ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо боюнча 2020-жылдын 15-ноябрынан 15-декабрына чейин «Биз биргебиз» аттуу бир айлык акциясы жарыяланган.

Ооган-Талаа: Китепканага китептер тапшырылды

Ооган-Талаа айылындагы китепканага «Бир адамдан бир китеп» акциясынын жыйынтыгында топтолгон китептерди тапшыруу аземи өттү.

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...