Базар-Коргон районунда бүгүн адаттагыдай эле борбордук базар жабылып, таңкы саат 7:00дөн баштап райондук оорулардын алдын алуу мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери тарабынан толугу менен залалсыздандырылды.
Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасына курулуп жаткан 100 орундуу кошумча имарат ноябрь айынын аягында бүткөрүлөт.
Базар-Коргон районундагы Сейдикум айыл аймагына караштуу Кызыл-Ай айылынын МТФ участкасында жашаган тургундарды жана айыл чарба жерлерин суу ташкындарынан сактоо максатында күрдөөлдүү иштер жүрүп жатат.
Базар-Коргон районунун аймагында 1 миң гектар аянтка күздүк эгиндерди эгип, келерки жылы мол түшүм алуу аракеттери кызуу жүрүп жатат.
Октябрь айында Базар-Коргон районун аймагында пахта жана шалы (күрүч) жыйноо өнөктүгү кызуу жүрөт.
Жалал-Абал облусу, Базар-Коргон районуна караштуу Могол айыл өкмөтүндөгү «Ачы» токой чарбасында кышка карата даярдыгы менен тааныштырабыз.
Базар-Коргон районунда пахта эгүү менен алектенген дыйкандарды сапаттуу үрөн менен колдоо иштери жүрүп келет.
Арстанбап айылында спорт залдын ачылышы болду. Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылында Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүндө өзгөрүүлөр болду. Анткени жаңы мектептердин жана бала бакчалардын курулуш иштери бүткөрүлүп, …
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Ооган- Талаа айылына «Бир адамдан-бир китеп» аттуу долбоор боюнча китеп топтоо башталды. Долбоордун катышуучулары, жаштар, окуучулар активдүү иштеп жатышат.
Кызыл китепке кирген айбан сары октябрь айларынын баштарында быша баштаган. Бул дарактын мөмөсү дары катары медицинада жана тамак ашка да колдонушат. Айбан сарынын грекче атынын кыргызчага которулушу «катуу, бышык». Көбүнчө …
№17 Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинин 10- классынын окуучулары жана класс жетекчиси Жаңыл Борбуева менен карылар күнүнө карата Жибек Максуталиева куттукташты.
2153 Ооган-Талаа шайлоо участкасында шайлоочулар активдүү катышып жатышат.
1-октябрь Карылар күнүнө карата Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинде 1970 жылдан баштап, 2020-жылдын сентябрь айына чейин иштеп, азыр ардактуу эс алууга чыккан, 78 жаштагы өз өмүрүнүн 50 жылын агартууга арнаган, …
29-сентябрь күнү Арстанбап айылынын жаштары үчүн шашки жана шахмат оюну боюнча мелдеш болуп өттү.
Шайлоодо 1-формага жана 2-формага кантип катталат? 1-формага ылайык арыз (шайлоочулардын тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө арыз) тиркелүүчү документтери тиркелет; Эгер сиз шайлоо дареги боюнча добуш берүүнү кааласаңыз — пасторттун көчүрмөсү менен …
Ооган-Талаа айылындагы жаңы оорукананын курулушу учурдагы кырдаалга байланыштуу токтоду.
Жалал-Абад облусунун, Базар-Коргон районуна караштуу Чарбак айылында таза суу алып келүү иштери жүрүп жатат.
Жаңы коронавирус (covid-19) илдети Могол айыл аймагында да катталды. Бул илдеттен жалпы 7 айылдын ичинен 5 бейтап ооруканада дарыланууда. Үч бейтап көз жумган.
Эми Базар-Коргон районундагы Арстанбап айылында жаштар клубун ачуу долбоору каржыланат.
Базар-Коргон районундагы Могол айылдык ооруканасына кычкылтек концентраторун алып келишти.