Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кыргыз-Ата айыл өкмөтү аз гана убакытта көптөгөн ийгиликтерге жетти. Айыл өкмөт башчысы Бакытбек Мариповдун жетекчилигинде айыл аймактагы көйгөйлөр чечилип, жалпы жергиликтүү бюджеттин эсеби 3 млн сомдон 22 млн сомго жетти.
Бакытбек Марипов Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндө 1988-жылы төрөлгөн. 2006-жылы Бишкек шаарындагы мектеп-гимназиясын аяктаган.Ошол эле жылы Кыргыз-Орус Славян университетинин эл аралык мамилелер факультетине кабыл алынып, 2010-жылы артыкчылык диплому менен аяктаган.
2013-жылы Бакытбек Марипов Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө башчы болуп эмгектенет. Бул кызматты аркалап турганда көптөгөн иштер өзгөрүп, айылды өнүктүрө баштайт. Мындай жетишкендиктердин артынан 2017-жылы Кыргыз-Ата айыл өкмөт башчылыгына кайрадан мандатын коюп, кайрадан айыл өкмөт башчы болуп шайланат.
2016-2017-жыдын ичинде айыл аймакка 306 млн сомдук инвестиция тартууга жетишти. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен 550 миң сомго Улуу ата мекендик согуштун, Баткен коогалаңынын, Ооган согушунун катышуучуларынын тизмеси жазылган эстелик, өчпөс от жана БТР орнотулган. Азыркы күндө Улуу ата мекендик согуштун 2 катышуучусу калган.
Ушул аралыкта 5 мечит ачылып ишке берилди. Анын ичинен эң чоңу 3 кабаттуу мечит 2500 адамга ылайыкталган. Ага медресе, кичи футболдук аянтча, чайкана кошо курулган. Медресеге заманга ылайык 15 компьютер, 1 интерактивлүү доска, видео көзөмөлдөр орнотулган.
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндө коррупцияга каршы күрөшүү үчүн видео камералар орнотулуп, ишеним почта жана телефондор илинген. Аймактагы эл электр энергиясынын төлөмдөрүн төлөөдө жолдун алыстыгынан кыйналып келсе, учурда Ноокат районунун электр тармактар бөлүмүнүн филиалы ачылып, Кыргыз-Ата, Зулпуев, Кеңеш, Исанов айыл өкмөттөрүн тейлеп жатат.
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Бакытбек Марипов «Мен ийгиликтериме оңойчулук менен жеткен жокмун бардык нерсеге аракет кылыш керек. Аракет кылса баары болот»- деп билдирди.
Даярдаган: Айжибек Насиркул кызы, Хусейн Курсантбек уулу