
Ноокат районуна караштуу Кенеш айыл өкмөтүнүн Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов атындагы орто мектебинде «Мыкты кыз-2018» сынагы болуп өттү.
Сынакка 11-классынан Таалайбек кызы Айдана, 10-классынан Орозмамат кызы Назима, 9-класстан Сүйөрбек кызы Чолпонай жана Медербек кызы Акмаанай катышты.
Концерттик программмада:
Саламдашуу, Чынгыз Айтматовдун чыгармаларынан монолог, Хоббиси, Чач жасоо, Кыргыз бийи, Клип аткаруу, Конок тосуу сыяктуу тапшырмалар болду.
Калыстардын чечими боюнча 1-орунда Таалайбек кызы Айдана, 2- орунда Сүйөрбек кызы Чолпонай, 3- орунда Орозмамат кызы Назима , 4- орунда Медербек кызы Акмаанай болушту.

Уюштуруучу Гүлмайрам Исмаилованын айтымында » Конкурс өтө сонун болду. Мурдагы жылга караганда өзгөчөлүктөр болду.»- деди.
Калыстардын мүчөсүндөгү Иризман Сайитматова: «Бул сынак мен үчүн жакшы өттү. Кыздардын мындай таланттарын көрүп аябай сүйүндүк.»-деп сөзүн толуктады.
Даярдаган: Эльвира Садирали кызы