Ноокат районуна караштуу Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүндөгү бардык мектептердеги бүтүрүүчүлөргө орто мектепти бүтүргөндүгү жөнүндө аттестаттар берилди. Алардын ичинде Т. Айбашев атындагы орто мектебинде бүтүрүүчүлөргө аттестат тапшыруу аземи болуп өттү. Жалпы 45 окуучу бүтүрүп, аттестат жана жалпы республикалык тесттин да жыйынтыгы боюнча сертификаттарын алышты.
Т.Айбашев атындагы орто мектептин 11-классынын бүтүрүүчүсү Сеитбек кызы Айкөлдүн айтуусу боюнча:
«Мен ушул мектепте 11 жыл окуп, ийгиликтүү аяктап жатамын. Бүгүн биз орто билимибизди тастыктаган документ аттестаттарыбызды жана жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгыбоюнча сертификаттарыбызды колубузга алып кубанып турган кезибиз. Бирок ошол эле учурда кайгырып да турамын. Себеби 11 жылдан бери бизге билим тарбия берип акыл насаатын айткан мугалимдерим жана бир туугандай болуп калган классташтарым менен коштошуунун өзү кыйын болуп жатат. Мен ЖРТ нын жыйынтыгына алган баллдарыма канааттандым. Негизги тесттен 176 балл алдым. Буйруса, билим алууну борборубуз Бишкек шаарында улантууну көздөп турам».
Т.Айбашев атындагы орто мектептин директору Замира Нурдинованын айтуусунда:
«Быйылкы 2021-жылкы окуу жылында жалпы 45 бүтүрүүчү аяктады. Алардын ичинен 24 бүтүрүүчү жалпы республикалык тестирлөөгө катышып, жыйынтыгы боюнча сертификаттарын жана орто билими боюнча аттестаттарын колдоруна салтанаттуу аземинде тапшырылды. ЖРТ дөн жогору балл алган окуучуларды куттуктап, келечектеги кесиптик билим алууга ийгиликтерди кааладык».
2021-жылдын бүтүрүүчүсү Элхан Алтымышевдин да оюн билдик:
«Мектепти ийгиликтүү аяктап, классташтарым менен коштошуп жаткан учурубуз. Ошол эле учурда мени окуткан мугалимдериме терең ыраазычылык билдирем, алардын ушул күнгө чейин берген билим тарбиясына көнүп, биздин экинчи ата-энебиздей болуп калгандыгын дагы бир жолу сездим. Мени окуткан мугалимдериме иштерине ийгилик каалап, биз сыяктуу бүтүрүүчүлөрдү мектеп уясынан учуруп, келечек ээлерин тарбиялай бериштерин каалайм. Чогуу бүтүрүп жаткан классташтарыма алдына койгон максаттары орундалып, өздөрү каалаган кесиптердин ээси болушун каалайм».
Чынара Көчкөнбаева, Таңнуру Жалалова