Ноокат районунудагы Кулатов айыл өкмөтүнүн Баглан айылына дагы бир мектеп курулууда. Имарат башталгыч класстардын мектеби болмокчу. Буга чейинки башталгыч класстардын мектеби эскилиги жеткендигине байланыштуу, Бүткүл Дүйнөлүк Жаштар Ассамблеясы тарабынан каражат бөлүнгөн.
Баглан орто мектебинин пайдублын тургузуу учуру
Кулатов айыл өкмөтүнүн Кызыл-Булак айылынын айыл башчысы Курсанали Маткаримовдун айтымында Баглан мектебинин филиалы болгон. Ал мектеп 1950-жылы курулган жана учурда эскилиги жеткен.
Кулатов айыл өкмөтүнүн Кызыл-Булак айылынын айыл башчысы Курсанали Маткаримов
Курсанали Маткаримов: «Бул мектепке Баглан айылынын гана башталгыч класс окуучулары келип окубастан, Ынтымак айылынан да окуучулар келип билим алышат. Ошол себептен биз айыл өкмөт менен биргеликте Бүткүл Дүйнөлүк Жаштар Ассамблеясынын өкүлдөрүнө кайрылуу жолдогонбуз. Кайрылуубузду кабыл алып, акча каражаты бөлүнүп берилди».
Пайдубалы түптөлүп жаткан мектеп 60 окуучуга ылайыкташтырылат
Ушул убакытка чейин бир нече мектептин абалы менен таанышып, шарттарынын начарлыгына ынанып, Ассамблеянын 2020-2021-жылкы планына киргизилди. Учурда иш башталып, 2 млн сом акча бөлүнүп, пайдубалын куруу иштери кызуу жүрүүдө.
Эскерте кетсек, айыл өкмөт тарабынан курулуштун 25% каражаты бөлүнүп берилет. Мектеп жалпы 60 окуучуга ылайыкташтырылат. Ал 6 бөлмөдөн болоору пландалып, ага ашкана, мугалимдер үчүн усулкана, жыйындар залы да киргизилген.
Бул материал Фридрих Эберт атындагы Кыргызстандагы Фонд тарабынан колдоого алынды. Материалдын мазмунундагы ой-пикилер фонддун көз карашын чагылдырбайт.
Таңнуру Жалалова