
Бала бакчанын жетекчиси Асел Токтобекова «Бала бакчада балдарга кечке эле сабактарды өтө бербестен, ар кандай иш-чараларды өткөрөбүз. Ата-энелер менен мындай спорттук оюндарды да дайыма уюштурабыз. Бул биринчиден бала бакча менен ата-эненин ортосундагы байланышты чыңдайт. Ошол эле учурда ата-энелер балдарынын бакчадагы убактылары кандай өтүп жатканынан да кабардар болушат», дейт.
Даярдаган: Наргиза Ырысбекова