Сокулук районундагы Гүлсина Капарова атындагы орто мектебинин тарых мугалими Абдыразак Казакбаев Эгемендүү Кыргыз Республикасы жана Ишеналы Арабаевдин 140-жылдыгына карата тарых сабагынан 2022-жылдын март айында “БИЛГЕ” билим таймашын өткөрдү.
Билим таймашынын өтүүсүнө Сокулук райондук Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Турум Сатарбаева колдоо көрсөтүп, райондук мектептер катышуусуна өбөлгө түзүп берди.
Сокулук районунда 47 мектеп болсо, анын ичинен 25 мектеп «Билге» билим таймашына катышышты.
Гүлсина Капарова атындагы орто мектебинин тарых мугалими Абдыразак Казакбаев “БИЛГЕ” билим таймашын өткөрүүдөгү негизги максаттары жөнүндө айта кетти. Алар:
Кыргыз тарыхына болгон окуучулардын кызыгуусун арттыруу менен катар окуучулардын ой — жүгүртүү жөндөмдүүлүгүнө багыт берүү;
Окуучулардын тапкычтыкка , уюшкандыкка шыктандыруу;
Мектептер арасындагы байланыштарды күчөтүүгө салым кошуу;
Мектептер менен жогорку окуу жайдын байланышын түзүү;
Жаштарды элибиздин тарыхына кызыктыруу, үлгү-өрнөк алууга үндөө;
Келечекте кыргыздын чыгаан атуулу болушу үчүн ар бир улан-кыз элибиздин тарыхын билүүсү зарыл экендигин эске салуу;
Жаштардын улуттук аң – сезимин жогорулатууга өбөлгө түзүү.
“БИЛГЕ” билим таймашы Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинде өттү.
Таймаштын жүрүшүндөгү суроолор
— Кыргыз тарыхы;
— Атуул таануу; (Ишеналы Арабаев)
— Аймак таануу (Сокулук району); боюнча суроолор 28 суроо болду
Жекелик таймаш 7 суроодон болду.
Катышуучуларга сертификаттар берилди. Таймашка даярдап келген жооптуу мугалимдер ыраазычылык каттар менен сыйланды. Мыкты оюн көрсөткөн оюнчуларга дипломдор ыйгарылды.
“БИЛГЕ” билим таймашындагы жеңүүчүлөр:
1 — орунду Экологиялык- экономикалык мектеп- лицейинин окуучулары алды жана I- даражадагы дипломдор менен сыйланышты.
Коштоп келген даярдаган жооптуу мугалими: Шарипа Рыскулбекова
2-орунду Мамыралиев орто мектебинин окуучусу алып, II- даражадагы дипломдор менен сыйланышты.
Коштоп келген даярдаган жооптуу мугалими: Берметкан Исабекова
3-орунду Керимбүбү Шопокова атындагы №3 мектеп лицейинин окуучулары алышты жана III- даражадагы дипломдор менен сыйланышты. Даярдап келген мугалими Айчүрөк Жаныбек кызы
“БИЛГЕ” билим таймашындагы жекелик таймашта мыкты билерман болуп Экологиялык- эконмикалык мектеп- лицейинин окуучусу Айгерим Сейитбекова аталды.
“БИЛГЕ” билим таймаштын жүрүшү
«Билге» билим таймашын алгач ТСУББФ деканы Н. Курманбаева , Гүлсина Капарова атындагы орто мектебинин директору Гүлазар Муонбаева жана Гүлсина Капарова атындагы орто мектебинин тарых мугалими Абдразак Казакбаев сөз сүйлөп ачып беришти.
Таймашта суроолор берилип, жооптору жазуу түрүндө кабыл алынды. Натыйжада таймаштын жүрүшү тууралуу Сокулук районунда тарых сабагынан берген мугалимдери Билгечилерге өздөрүнүн ыраазычылыктарын айтып ушундай таймаш болсо дагы келип катышаарын айтып жатышты.
Алардын бири Айнура М.: «Жүрөгүндө оту бар жигиттер тарыхты билиш керек…»деп О. Сыдыков айткандай Билгенин жигиттеринин жүрөгүндө оту бар мыктылар экен. Бар болгула! Силердей мыктылар барда кыргыз тарыхы эч качан өчпөйт деп ыраазычылыгын билдирди.
Нуржан Усонкулова, Айдай Джолчубекова