Суусамыр айылында жаңы салынып курулушу аяктап калган балдар бакчасы акырындык менен балдарды кабыл алууга даярданып жаткан кези. Бала бакчанын курулушу Айыл өкмөтүнүн АРИС проектисинин негизинде 2020-жылы башталган.
Бала бакчанын ички көрүнүшү.
Азыркы учурда балдарды кабыл алууга даярдыгы туурасында бала бакчанын директору Миргул Чупоева айтып берди:
Суусамыр айылындагы бала бакчанын директору Миргул Чупоева
“Азыркы учурда бала бакчанын курулушу толугу менен аяктады десем болот. Бала бакчанын ичиндеги иштер бүткөрүлгөн. Ал эми сырткы жумуштарын күн жылыганда келип бүтүрүп беришет. Бала бакча 100 орундуу. Азыр балдар үчүн керектүү эмеректер менен камсыз болдук. Эми ашкана үчүн керектүү эмеректер, идиштер жана тиричилик техникалары гана калды.
Андан тышкары дагы келе турган эмеректер бар. Бала бакча электр энергиясы менен жылытылып, бардык шарттары бар. Бардыгы балдар үчүн ыңгайлуу, таза жана жылуу. Бакчага келе турган балдардын саны толуп калды. Жакынкы айларда ачылабыз деп турабыз. Балдарды кабыл алууга 95%ы даяр десем болот”.
Бала бакчанын иштеп башташын ата-энелер да чыдамсыздык менен күтүүдө. Айыл тургундары балдарын бакчага берүү үчүн азыртадан кезекке турушуп, тизмеге жазылууда.
Эскерте кетсек, Суусамыр айылында буга чейин балдар бакчасы болгон эмес.
Азиза Тамчиева