Бишкектеги жогорку окуу жайынын биринде жыйынтыкталган «Билим Time» китеп окурмандарынын сынагында жеңүүчү деп табылган, Сүлүктүдөгү №9 гимназиянын бүтүрүүчүсү, биринчи курстун студенткасы Алия Шерматова учкан уясына салам жолдоду.
№7 Сатыбалдиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде 4-класстын “Кош бол башталгыч класс” аттуу кечеси болуп өттү. Бул тууралуу 4-класстын класс жетекчиси Фарида Абдрасулова буларды билдирди: “ Быйыл башталгыч классты …
Сокулук районунун Жал айылындагы Мамыралиев атындагы орто мектеп- гимназиясында 16- майда методикалык семинар болду. КРнын Президентинин «2018-жылдын региондук өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндөгү» Указын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлдү.
18-майда Лейлек районунун Сумбула айыл өкмөтүнө караштуу Манас атындагы орто мектебинде от оюну майрамдалды. Бул майрам мектепте 6 жылдан бери бүтүрүүчүлөргө арналып, уюштурулат.
Ысык-Көл обласынын Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылынын Кубанычбек Мамытов атындагы мектепке Мерсико уюму тарабынан “Мектеп алдындагы бак” проектиси боюнча 96 түп алманын көчөттөрү отургузулганына бир ай болду. Көчөтөрдүн бардыгы жалбырак …
Жалал-Абад областына караштуу Тогуз-Торо районунун Сары-Булуң айыл аймагындагы №7 Таштемир Сатыбалдиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби кулап калуу коркунучунда турат.
Суусамыр айылындагы Кадырбек Конушбаев атындагы орто мектебинин 1-классынын окуучусу Айдатка Кадыржанова Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын баатыры, космонавт Салижан Шарипов менен жолугуп, кыялы орундалды.
Жалал-Абад областына караштуу Тогуз-Торо районунда «Тогуз-Торо жаштар биримдиги» тарабынан уюшулган «Келечекке кең көз караш» аттуу мотивациялык семинар болуп өттү.
Сүлүктүдөгү №9-гимназиянын 6-а классынын гимназисти Мунара Джапарова биология сабагынан алган билимин өз алдынча сынап көрүү үчүн үйдө өсүмдүктүн өсүүсүнө түзүлгөн шарт боюнча тажрыйба жүргүздү.
Жеңиш күнү жер -жерлерде майрамдалып, эскерүү иш чаралары болуп келет. Бул жолку Жеңиш майрамын Куланак айылы да унутта калтырган жок.
Сүлүктү шаарындагы Исхак Раззаков атындагы №7 орто мектебин 2008- жылы бүткөн бүтүрүүчүлөрү алгылыктуу демилге баштап, мектепти бүткөндүгүнүн 10 жылдыгына карата мектептин дааратканасын капиталдык ремонттоо иштерин кызуу жүргүзүп жатат.
Бардык жерлерде майрамдык эскерүү кечелери уюштурулгандай эле, Чүй облусунун Жайыл районунун Суусамыр айылында да 9-май Жеңиштин 73 жылдыгына карата «Тынчтык» паркында чакан эскерүү кече болуп өттү.
Ысык-Көл районундагы Корумду айылынын жашоочусу 96 жаштагы тылдын ардагери Жумакан Абдрахманова менен жолугушту.
Түп районуна караштуу Токтоян айылында Улуу Ата Мекендик согуштун 73 жылдыгына карата иш чаралар өткөрүлдү. Буга чейин жөн гана эскерүү кечелери, тарбиялык сааттар өтүп келсе, бул жылы 9-май Улуу Жеңиш …
Нарын шаарынын Аска-Нур кафесинде 6-май күнү «Менталдык арифметика» боюнча олимпиада өттү. Ага Эшбай Токсобаев орто мектебинен 11 окуучу катышты. Анын ичинен сегиз окуучу финалга өтүп, Наргиза Жолдошбек кызы 2-орунду камсыз …
Чодуев Урмат- Орок айыл өкмөтүнүн башчысы- “Мектептеги болгон иш чара 9-май ата-бабабыздын, биз тынчтыкта жашасын деп алып келген күнүнө арналды. Жеңиш күнү- чоң майрам биздин айылдын мектебинде жакшы деңгээлди …
Улуу Ата-Мекендик согуштун аяктаганына 73 жыл толду. Алакандай болгон Жайыл районунун Кара-Суу айылынан эле 56 киши согушка кеткен экен.
«Сайкал» куурчак театры «Каардуу чал» аттуу чыгармасын Сүлүктүдөгү мектептерде коюп баштады. Кезек менен бардык окуу жайларында, бала бакчаларында коюлуп жатат. Катышкан балдар өтө кубануу менен кабыл алып, кайра келип коюп …
Миң- Булак айылында 4-май күнү райондук деңгээлде Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун студенттери даярдап келген «Билге» билим таймашы болуп өттү.
Лейлек районунун Сумбула айыл аймагындагы Манас атындагы орто мектебинде «Жаш мугалимдер- үмүтүбүз» деген темада аймактык тегерек стол өткөрүлдү. Тегерек стол 2-май күнү жогорку деңгээлде өтүп, окуучулардан концерттик программалар дагы тартууланды.