Базар-Коргон районундагы айылдарда 8-июнь күнү ишембилик өткөрүлдү.
Орок айыл өкмөтүндөгү жаштарды биримдике чакыруу боюнча футбол турнири өткөрүлдү. «Чүй Ордо» коомунун өкүлү Калыков Нурбек: “ Акыркы окуяларга байланыштуу «Чүй Ордо» коому ынтымакка чакырган турнир өткөзүп жатат. Бугун биз …
Бүгүн 7-июнь саат 9:00 до Суусамыр айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 28-кезексиз сессиясы болду.
2019- жылдын 5- июну Айт күнүндө Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн Төмөнкү Орок айылында болгон окуя бүткүл өлкөнү дүрбөлөңгө салды. Болгон окуя тууралуу айыл тургундары менен болгон маекти сунуштайбыз:
Ооган-Талаа айылында 6-июнда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам арыктардан суу ашып көчөлөрдү басты.
Жайыл районунун Кара-Суу айылындагы ФАП имаратынын ачылышы болду.
Жайыл районунун Кара-Суу айылынын тургундары бүгүн Айт намазга катышышты. Айылдын ортосунда жайгашкан мечитке Орозо айынын аякташы менен Айт намазы окулду. Айт-намазды айылдын имамы Алиев Жолдош окуду. Мечитке чогулушкан тургундарга Мухаммед …
Бейиш энелердин таман алдында. Бул таамай айтылган сөз эне сүтүн актоо оңой эмес экенин көрсөтүп турат. Тогуз ай толгоо тартып, жарык дүйнөгө алып келген апалар баласы үчүн эмнени гана кылбайт. Тамтуң …
Кыргыз Республикасынын мектептеринде мамлекеттик аттестация башталды. Бүгүн Жайыл районунун Кара-Суу айылында дагы 11-жана 9-класстарда математика жана кыргыз тили сабактарынан мамлекеттик аттестация болуп өттү.
Базар-Коргон районуна караштуу Кеңеш айыл аймагындагы маданият үйүндө 1-июнь Балдарды коргоо күнү өткөрүлдү. Балдарды коргоо күнүнө Базар-Коргон районунун администрациясынын башчысы Айбек Бегимкулов, акимдин орун басары Замира Адышова, Райондук билим берүү …
Сүлүктү шаарында Султанов көчөсүнүн жамааты автоунаа жолдорун өз күчү менен оңдоп алышты. Бул көчөдөгү үйлөр 1970-1973 жылдары курулган. Ошол мезгилде Ош курулуш техникумунун студенттери практика учурунда жардамга келгендиктен көчөнүн аты …
Суусамыр өрөөнүндө, 1-май айылында, салынып жаткан спорт аянтчасынын ачылышы аземи болуп өттү. Бул иш-чара 1-май айылдык айыл башчы тарабынан уюштурулду. Суусамыр өрөөнүнүн 5 айылынан мектеп командалары жана айыл ичиндеги командалар …
Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында айыл ѳкмѳтү кайра шайланды. Бул күнгѳ чейин Барскоон айыл ѳкмѳтүнүн башчысы болуп Руслан Эшманбетов дайындалган. Ал 9 жылдан бери айыл ѳкмѳт башчысы болуп эмгектенип келди.
Мектеп жашындагы окуучуларга мугалим деген сѳз абдан жагымдуу угулат эмеспи. Эӊ алгачкы мектеп босогосун аттаганда «А» деген тамганы үйрѳткѳн да мугалим. Чоӊойгондо турмуш жолуна кадам таштоого мугалим эӊ биринчи себепкер …
Кара-Суу айылынын «Ак кептер» жамааттык медиа борбору башка жайга көчтү. «Кара-Суу айылында жаңы ФАПтын имараты ачылып, борбор фАП жайгашкан жерден орун алды.
Окуу жылы аяктап, Кара-Суу орто мектебинде ремонт иштери башталды. Мектептин башталгыч класстарынын мугалимдери класстарын акташып, сырдашып, келерки окуу жылына даярдап жатышат. «Бүгүн мектепте акыркы көчүрүү экзамени жүрүп жатат, ал эми …
Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районундагы №34 Чолпон балдар бакчасында жогорку тайпанын даярдоо классы бала бакча менен коштошушту.
Жайыл районунун Кара-Суу орто мектебинин бүтүрүүчүлөрүнүн мектеп менен коштошуусун төмөнкү сүрөтбаяндан көрө аласыздар:
Ооган-Талаа айылында жаз мезгилинде дайыма сел жүрүп, элдер кыйналып келишет. Ошол талаалардан түшкөн сууларды бир нукка түшүрүү үчүн атайын суу кетүүчү арыктар, латок коюлду.
Окуудагы өзгөчө жетишкендиктери үчүн «Алтын Тамгага» талапкер Сүлүктүлүк беш окуучунун ичинен Эркинова Айзада бардык талаптар боюнча татыктуу болуп, мамлекеттик тестти ийгиликтүү тапшыруу менен жетишти.