Ак-Талаа районунун Ак-Кыя айылында волейбол боюнча мелдеш болуп өттү. Бул мелдешти айылдын 2000-жылкы балдары уюштурушкан. Аталган оюнга айылдын 1984-жылкыларынан тарта 2001-жылкыларына чейинки балдардан түзүлгөн 16 команда мелдешишти.
Ак-Талаа районунун Кызыл-Белес айылындагы Сүйүнбек Атамбеков атындагы орто мектебинин 2 окуучусу республикалык олимпиадада алдыңкы орундарды камсыз кылышты.
Жайыл районунун Кара-Суу айыл аймагынын Ставропол жана Кара-Суу айылдарынын көчөлөрүн жарыктандыруу иштери жүрүп жатат.
Сүлүктү шаарында шаардын мэринин «Балаты» майрамы болуп өттү. «Балаты аземине шаар боюнча билим, спорт жана маданият тармагы боюнча 2018-жыл ичинде эң мыкты жетишкендиктерди көрсөткөн өспүрүмдөр чакырылды.
2018-жыл аяктап, жаңы 2019-Доңуз жылы келе жатат. Республикабыздын бардык аймактарынын мекемелеринде жыйынтык иш чаралары өткөрүлүп, Балаты майрамдары болуп жаткан убак. Жайыл районунун Кара-Суу орто мектебинде да окуучулар үчүн Балаты майрамы …
Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылынын Нышанов атындагы орто мектебинде жаңы жыл майрамдалды. Жаңы жылга бардык класстар катышты.
Түп районуна караштуу Тасма айылындагы Асан Сопиев мектебинин башталгыч класстары үчүн ысык тамак бериле баштады.
Талас шаарындагы «Баластан» балдар билим берүү борборунда жаңы жылдык майрам болуп, иш чарага 1-класстан 6-класска чейинки балдар жана кыздар катышышты. Бул жаңы жылга арналган кече 2018-жылдын 28-декабрында болуп өттү Талас …
Суусамыр өрөөнүнүн тургуну, 10- класстын окуучусу Халил Ибрагим англис тилинде эркин сүйлөп, программаларды колдонуучуга ылайыктуу кылып жасоону өздөштүргөн. Учурда ал айылда ар бир үйгө интернет туташтырып, каражат табат.
Ак-Талаа райондук тарых музейинин директору, тарыхчы Апилов Мыктыбек жеке каражатынан жаңы колдонмолорду чыгарды. Анда Ак-Талаа районундагы тарыхый мурастар жана тарыхый инсандар жөнүндө маалыматтар жазылган.
Нарын районундагы Кызыл-Жылдыз айылынын «Жаңы Тилек» балдар бакчасында жаңы жылдык балаты майрамы өткөрүлдү. Майрамды бала бакчанын тарбиячылары менен ата-энелер биргеликте өткөрүштү.
Ак-Талаа райондук маданият үйүндө жыл жыйынтыгы белгиленип, 2018-жылдын жыйынтыгы менен Баетов айылдык кеңешинин төрагасы Капарбек уулу Билимбекке, эр эңиш боюнча III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын чемпиондору Турдубеков Жекшен жана Бердибек …
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн мыкты делген студенттерине президенттик стипендия тапшырды. Аталган стипендияга 160 миң студенттин ичинен 69 студент ээ болушту. Алардын арасынан Акталаалык студенттер да жок эмес.
2018-жылдын декабрь айынан тартып, 2019-жылдын октябрь айына чейин «Бабушка Эдопшн» Коомдук Кайрымдуулук Фондунун Баткендеги Филиалы Сүлүктү шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгы менен биргеликте «Сүлүктү шаарындагы Ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жана улгайган жарандар …
Чын эле төө буурчактын азабы төбөдөн басып, Таластыктардын таман акы маңдай тери кайтпай, ыза болгондору да, ызырынгандары да четтен чыгат. Анан кантет, эрте жаздан кеч күзгө чейин жакшылыктан үмүт этип, …
Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтыкбек Конушбаев Суусамырлыктарды жаңы жылы менен куттуктап, жыл сайын арнап келген белектерин өрөөндөгү мектеп окуучуларына, мугалимдерге, мектеп кызматкерлерине, оорукана, айыл өкмөтү жана милиция бөлүмүнүн кызматкерлерине тапшырды.
Жайыл районунун Кара-Суу айылындагы “Ботокөз булак” бала бакчасында Жаңы жылдык балаты майрамы болуп өттү. Майрамды бакчанын тарбиялануучулары үчүн ата-энелер жана мекеменин кызматкерлери уюштурушту.
2018 –жылдын, 24-декабрында Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата. Талас шаарынын Аман Токтогулов атындагы китепкананын кеңсесинде, кесиптик колледждер арасында, «Чынгыз Айтматов адабияттын жан дүйнөсүнүн азыгы» атту кызуу акыл таймаш өттү Чынгыз …
Эрте нике жана анын ден-соолукка зыянын окуучуларга жеткирүү максатында Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинде тегерек стол болуп өттү. Бул тегерек столду Нарын РИИБнин жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын ага …
Кайыпбек Султангазиев атындагы райондук маданият үйүндө Нурак Абдрахманов атындагы балдар музыкалык мектебинин жаңы жылдык оюн-зоок кечеси болуп өттү. Аталган музыкалык мектепте тарбияланган окуучулар ар кандай жанрдагы чакан концерт тартуулашты.