Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Кызматтар

Сүлүктү шаардык Кеңешинин төрагасы жылдын мыктысы деп табылды

Кыргыз Туусу гезити, 2012-2016 жылдар аралыгында шаардык Кеңештин төрагасы болуп, үзүрлүү эмгектенип, 2018- жылы кайрадан төрага болуп шайланган  депутаттардын Сүлүктү шаардык Кеңешинин төрагасы Исмаилов Каныбек Арзибековичке мыкты төрага дипломун ыйгарды.

25 Декабрь 2018 жыл 19:27

Жаштар чечендикке жана сөзмөрлүккө үйрөнүштү

Ноокат районуна караштуу Шаңкол айылынын Шаңкол орто мектебинде жаштар үчүн эркин баарлашуу, чечендүүлүкө үйрөтүү боюнча семинар болуп өттү. Семинарга Н.Исанов айыл өкмөтүнөн жана Кеңеш айыл өкмөтүнөн 10 го жакын мектептен …

25 Декабрь 2018 жыл 12:37

«Зордук зомбулукка каршыбыз» аттуу КВН болуп өттү

Үстүбүздөгү жылдын 22-декабрь күнү Ак- Талаа районунун Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинде «Зордук зомбулукка каршыбыз» аттуу КВН болуп өттү.

24 Декабрь 2018 жыл 23:59

Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата Көк бөрү оюну уюштурулду

Нарын районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылында Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата Көк Бөрү оюну уюштурулган. Ал оюнга 5 айылдын командалары катышып, Кызыл-Жылдыз айылынын «Салбар-Ата» командасы 1-орунду, 2-орунду Хутор-Акталаа, 3-орунду Куланак айылынын …

22 Декабрь 2018 жыл 23:40

Сүрөтбаян: Кол өнөрчүлүккө кызыккан окуучулар күн сайын көбөйүүдө

Ак-Талаа районунун Баетов айылында Балдар Билим берүү борборунда көптөгөн ийримдер ачылып, жаш муундардын өнүгүсүнө өз салымдарын кошуп келишет. Атай кетсек, компьютер, шахмат, комуз, бий, кол өнөрчүлүк, орус тили, англис тили, …

22 Декабрь 2018 жыл 21:39

«Жылдын мыкты жаш лидери» номинациясына Сапарбеков Санат татыды

Ак-Талаа районунун Баетов айылынын тургуну Сапарбеков Санат «Жылдын мыкты жаш лидери» номинациясы менен сыйланды. 

22 Декабрь 2018 жыл 21:39

«Парламент сүйлөйт» сынагы мыкты маданият министрин тандады

20-декабрда Суусамыр FM радиосунда «Парламент сүйлѳйт» сынагы болуп ѳттү. Тагыраак айтканда, Суусамыр айылында мектептер арасында маданият министрлери таймашышты. Катышуучулардын даярдыгын радио аркылуу угармандар баамдап турушту.  

21 Декабрь 2018 жыл 16:48

Окуучуларды сергек жашоого үндөө колго алынууда

Баетов айылындагы Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде 8-9-10-11-класстар арасында сергек жашоо мүнөзүн калыптандыруу максатында баскетбол оюну болуп өттү.

21 Декабрь 2018 жыл 13:42

Жаңы соода борбору элге кызмат кылууда

Баетов айылында жаңы соода борбору ачылды. Бул жерден айыл тургундары заманбап эмеректердин бардык түрүн, жана ошондой эле үй тиричилик техникаларын сатып алууга мүмкүнчүлүк ачылды. 

21 Декабрь 2018 жыл 11:02

Кызыл-Ай айылындагы «Биз адам сатууга каршыбыз» акциясы

Базар-Коргон районуна караштуу Сейдикум айыл аймагындагы Кызыл-Ай айылынын борбордук бөлүгүндө жайгашкан Жалал Асанов атындагы орто мектебинде «Биз адам сатууга каршыбыз» аттуу акция 20-декабрда болуп өттү.

20 Декабрь 2018 жыл 21:39

Тургунбек Бекболотовдун 70 жылдык юбилейи белгиленди

Талас  шаардык  драма театрында Тургунбек Бекболотовдун 70 жылдык юбилейи белгиленди .

20 Декабрь 2018 жыл 21:17

«Ѳзүмдү 17 жылдан кийин таптым»-дейт «Алтын ийне» номинациясынын ээси, кол өнөрчү Аида Шерматова

Аида Ак-Талаа районундагы Чолок-Кайын айылында туулуп өскөн. Учурда кыргыздын улуттук баш кийими ак калпак тигүү менен алектенет. Ѳзүнүн айтымында кол өнөрчүлүккө кызыгып, ошол багытты тандап калганына саймачы, оймочу чоң энеси …

20 Декабрь 2018 жыл 19:34

Т.Кулатов айыл өкмөтүндө таланттуу балдар үчүн комуз, пианино, акардион боюнча ийримдердин ачылыш аземи болду

Т.Кулатов айыл өкмөтүндө айыл аймагындагы жашоочулар үчүн маданият үйүндө комуз, акардион,пианино, гитара аспаптарын үйрөтүү боюнча ийримдердин ачылыш аземи болуп өттү. Аземге Т.Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысы Нуридин Мадумаров, айыл өкмөтүнүн орун …

20 Декабрь 2018 жыл 16:52

Сүрөтбаян: Аппак карга бөлөнгөн Ооган-Талаа

Кыш мезгили өтө кооз мезгил. Айлана аппак карга бөлөнүп, тунжураган жымжырттык өкүм сүрүп турган кез. Ооган-Талаа айылы бүгүнкү жааган карда өзгөчө сулуу, таза, кооз болуп калганын сүрөтбаянда сунуштайбыз.

20 Декабрь 2018 жыл 15:21

Кыш мезгилинде да салаттардын түрүн жасаган Жаңыл Чыңгызбаева

Ысык-Көл облусуна караштуу Тасма айылынын тургуну Жаңыл Чыңгызбаева кыш мезгилине карабастан салаттардын түрүн жасоо менен алек. Айыл тургуну өзү өстүргөн өсүмдүктөр менен айылдын таза продукциялуу салаттарын жасайт.

18 Декабрь 2018 жыл 21:04

Менталдык арифметика ийрими ийгиликтерге жетип жатат

Нарын районуна караштуу Куланак айылынын Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебиниде менталдык арифметика ийрими ачылды. Ага 6 жаштан 16 жашка чейинки мектеп окуучулары катышууда.

18 Декабрь 2018 жыл 19:13

Куу-Майдан: Алп талантка таазим

Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылында Ж.Нышанов мектебинде алп жазуучу Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган иш чаралар болуп өттү. 4 күн бою Чынгыз Айтматовду даңазалаган ырлар, чыгармалардан үзүндүлөр, концерттер болду.

18 Декабрь 2018 жыл 17:00

Тарых барактарын окуучулар эске салышты

Куланак айылынын Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинде Уркуя, Үркүн, Курманжан датка, Саякбай Каралаевдер тууралуу сахналаштырылган чакан линейка болуп өттү. Тарыхый инсандардын басып өткөн жолу окуучуларга чоң таасир калтырды.     …

18 Декабрь 2018 жыл 7:52

Акталаалык жаш балбан кыз Казакстанда күмүш медаль тагынды

Баетов айылынын жаш балбан кызы Билимбек кызы Калмира Казакстандын Кустанай шаарында өткөн кыз-келиндер арасындагы эл-аралык мелдеште эркин күрөш боюнча 2-орунду багынтып, күмүш медалга татыды. Бул тууралуу балбан кыздын атасы Капарбек …

17 Декабрь 2018 жыл 21:38

Жаштардын ынтымак кечеси болуп өттү

Жакында «Ак-Талаа биримдиги» коомдук бирикмеси тарабынан Ак-Талаа жаштарынын ынтымагын бекемдөө, биримдикке келтирүү максатында Бишкек шаарындагы «Сармерден» ресторанында «Жаштардын ынтымак кечеси» болуп өттү. 

17 Декабрь 2018 жыл 18:09

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...