Жусуп уста Ноокат районуна караштуу Кулатов айыл аймагынын Арык-Тейит айылынын тургуну. Ал камчы, жүгөн жана башка ат жабдыктарын жасайт.
Түп районунун Тасма айылында малга тоют, буудай, арпа, чөптөрдү жыйноо иштери аяктады. Быйыл былтыркыга салыштырмалуу эгин жакшы болду дешет айыл тургундары.
Ноокат районуна караштуу Кулатов айыл аймагынын Ак-Чал айылындагы аксакалдар кеңеши маркумдун жылдыгын өткөрүү үчүн кеткен чыгымды азайтууну демилгелеп чыгышкан.
Мамлекет тарабынан бейтаптарга жеңилдиктер корүлүп жатат.
Кыргыз ресбупликасынын Аксы өрөнүнө Падыша деген Казакыстандык баатыр инсандын сөөгү коюлган.
Быйылкы жылы Барскоон айылында алма-алмурут жыйноо мезгили башталды. Айыл тургундары жана мектеп окуучулары жемиш терип иштешүүдө.
Токтогул районунунун Кызыл-туу айылындагы борбордук көчөдө бетон устундарына жарык чырактары койулду. Мурда Мүлкүбат көчөсүндө жарык чырактары жок болгондуктан көчө караңгы болуп, айыл тургундарына көйгөй жаратып келген.
Шайлоо жакындаган сайын депутаттыка талапкерлер түшүндүрүү иштери менен алек.Мындай түшүндүрүү иштери менен 15-сентябрда Барскоон айылына Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Талант Узакбаев, Темирбек Курманбеков да келип кетишти.
2015-жылдын 17-сентябрь күнү Токтогул шаарына караштуу Кызыл-Туу айылынында Рысбаев Мүлкүбат орто мектебинде волейбол боюнча мелдеш болуп өттү. Мелдеш саат 14:00 до башталып 6-7-8-9-10-класстардын окуучулары катышты.
Айылыбыздын эң кары тургуну Калдаркан Дөлдөева 1918-жылдын 17-апрелинде Моголайыл өкмөтүнө караштуу Чарбак айылында жарык дүйнөгө келген. Ал 13 жашында турмушка чыккан.
Тургундар Ооган-Талаа – Базар-Коргон маршруттук таксиси ачылсаайылдыктарга бир топ жеңил болоорун айтышат. Айыл өкмөтү айылга маршрут каттоосун ачса болоорун, бул боюнча сүйлөшүү жүргүзүп көрөөрүн билдирди.
Ооган-Талаа айылынын тургуну Бактыкан Раманова ууз чебер. Ал саймалардын ондон ашык түрүн билет.
Дейт Борбордук шайлоо комиссиясынын Ак-Талаа аймактык өкүлү Т.Казиев. Район боюнча учурда 20 шайлоо участкасы бар. Бардыгы 4-октябрдагы шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө даяр жана ар бири керектүү техникалык каражаттар менен камсыз болгон. …
Жалал-Абад облустук “Балакай” куурчак театры 2 күндөн бери Ак-Талаа районундагы орто мектептеринде болуп,кенже класстагы балдар үчүн мультишоу тартуулашууда. Балдар үчүн оюндар кызыктуу болуп, активдүү катышышты. Театрдын жетекчиси Кадыркулов Мыктыбек: “Куурчак …
Быйыл Терек-Сууда күн ысып, кургакчыл болгонуна байланыштуу картошканын түшүмү аз болду. Мындан улам көптөгөн дыйкандар мээнети акталбай калгандыгын айтышты.
Токтогул районунун Кетмен-Дөбө айыл аймагына караштуу Чоң-Арык айылында химия мугалими жоктугуна байланыштуу быйыл окуучулар бул сабакты окуй алышпайт. Мектеп директору кийинки окуу жылына химия мугалими келип калат, деп ишендирди.
Билим берүү министрлиги бекиткен бирдиктүү мектеп формасына Терек-Суудагы ата-энелердин каршылыгынан улам окуучуларга мектеп өзү форма тандады. Ал – кыздар үчүн форма фартук, балдарга кара шым, ак көйнөк.
Бакай-Ата айылынын тургуну Татин Малабекова айылдын көпчүлүгүнө өз кол өнөрчүлүгү менен таанымал. Бакай-Атадан тышкары башка айылдардан да келип буйрутма берип кеткендер бар, дейт ал.
Мамат Сейитбеков Бакай-Ата айылында он жылдан ашуун жыгач устачылык менен алектенип келет. Анын өнөрканасы айылдагы төрт устакананын бири болуп саналат.
Суунун жоктугунан улам районо тарабынан июль айында Кара-Суудагы «Ботокөз булак» бала бакчасы жабылып калган. Учурда ал бала бакчасы кайра иштей баштады.