Баетов айылындагы Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде 8-9-10-11-класстар арасында сергек жашоо мүнөзүн калыптандыруу максатында баскетбол оюну болуп өттү.
Баетов айылында жаңы соода борбору ачылды. Бул жерден айыл тургундары заманбап эмеректердин бардык түрүн, жана ошондой эле үй тиричилик техникаларын сатып алууга мүмкүнчүлүк ачылды.
Базар-Коргон районуна караштуу Сейдикум айыл аймагындагы Кызыл-Ай айылынын борбордук бөлүгүндө жайгашкан Жалал Асанов атындагы орто мектебинде «Биз адам сатууга каршыбыз» аттуу акция 20-декабрда болуп өттү.
Талас шаардык драма театрында Тургунбек Бекболотовдун 70 жылдык юбилейи белгиленди .
Аида Ак-Талаа районундагы Чолок-Кайын айылында туулуп өскөн. Учурда кыргыздын улуттук баш кийими ак калпак тигүү менен алектенет. Ѳзүнүн айтымында кол өнөрчүлүккө кызыгып, ошол багытты тандап калганына саймачы, оймочу чоң энеси …
Т.Кулатов айыл өкмөтүндө айыл аймагындагы жашоочулар үчүн маданият үйүндө комуз, акардион,пианино, гитара аспаптарын үйрөтүү боюнча ийримдердин ачылыш аземи болуп өттү. Аземге Т.Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысы Нуридин Мадумаров, айыл өкмөтүнүн орун …
Ысык-Көл облусуна караштуу Тасма айылынын тургуну Жаңыл Чыңгызбаева кыш мезгилине карабастан салаттардын түрүн жасоо менен алек. Айыл тургуну өзү өстүргөн өсүмдүктөр менен айылдын таза продукциялуу салаттарын жасайт.
Нарын районуна караштуу Куланак айылынын Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебиниде менталдык арифметика ийрими ачылды. Ага 6 жаштан 16 жашка чейинки мектеп окуучулары катышууда.
Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылында Ж.Нышанов мектебинде алп жазуучу Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган иш чаралар болуп өттү. 4 күн бою Чынгыз Айтматовду даңазалаган ырлар, чыгармалардан үзүндүлөр, концерттер болду.
Куланак айылынын Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинде Уркуя, Үркүн, Курманжан датка, Саякбай Каралаевдер тууралуу сахналаштырылган чакан линейка болуп өттү. Тарыхый инсандардын басып өткөн жолу окуучуларга чоң таасир калтырды. …
Баетов айылынын жаш балбан кызы Билимбек кызы Калмира Казакстандын Кустанай шаарында өткөн кыз-келиндер арасындагы эл-аралык мелдеште эркин күрөш боюнча 2-орунду багынтып, күмүш медалга татыды. Бул тууралуу балбан кыздын атасы Капарбек …
Жакында «Ак-Талаа биримдиги» коомдук бирикмеси тарабынан Ак-Талаа жаштарынын ынтымагын бекемдөө, биримдикке келтирүү максатында Бишкек шаарындагы «Сармерден» ресторанында «Жаштардын ынтымак кечеси» болуп өттү.
Баетов айылынын 90 жылдык мааракесине карата энциклопедия жарыкка чыкты. Бул 300 беттен турган энциклопедия 450 нуска менен жашыл, кызыл, кѳк түстѳ чыгарылды.
Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракеси Акман айыл өкмөтүнүн Жаңы Акман айылындагы Палванов атындагы орто мектебинде да жогорку деңгээлде өттү.
Талас шаарындагы мектеп окуучуларына так илимдер боюнча презентация өткөрүлүп, бир жума ичинде немис тилин терең үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Ак-Талаа районунун тургуну, Кыргыз Республикасынын Билим Берүүнүн отличниги, КРнын Ардак Грамотасы, КР караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын «Кыргыз тили» төш белгиси менен сыйланган, бүт өмүрүн мугалимдик кесипке арнаган Айна …
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылындагы Асан Сопиев мектебинин беш мугалими Ардактуу эс алууга чыгышты. Ошондой эле район тарабынан ардак громматалар менен сыйланышты.
Ак-Талаа районунда жалпы билим берүү мекемелеринде, тактап айтканда орто мектептерде, жана бала-бакчаларда Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган иш-чаралар жыйынтыкталды. Иш-чаралардын алкагында жазуучунун чыгармалары боюнча ар кандай дил баяндар, сынактар, конференциялар, ачык …
Базар-Коргон районундагы Колот айылындагы Тешебай Исак уулу атындагы орто мектебинде Чынгыз Айтматовдун «Эрте келген турналар чыгармасы боюнча жети факт» аттуу мугалимдер арасында тегерек стол өтүлдү.
Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмү тарабынан ар бир мектепке иш- чаралар түзүлүп, жыл бою өткөрүлдү. Иш- чара мугалимдер жана окуучулар үчүн түзүлүп эң жакшы деңгээлде өттү.