Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Жаңылыктар

Акталаада кооптуу көлмөлөргө түшүүгө тыюу салынууда

Ак-Талаа районунда жергиликтүү тургундарга, өзгөчө жашы жете элек балдарга кооптуу суу көлмөлөрүнө түшпөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Ак-Талаа райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Таштан Мокеев билдирди.

29 Июль 2026 жыл 15:12

Билим берүү мекемелеринин кызматкерлери медициналык кароодон онлайн өтүшөт

Ак-Талаа районундагы билим берүү мекемелеринин кызматкерлери быйылкы милдеттүү медициналык кароодон санариптик форматта өтүшөт. Бул тууралуу О. Көккөзов атындагы райондук Жалпы дарыгерлик практикалык борборунун башчысынын орун басары Майрам Токтомамбет кызы билдирди.

29 Июль 2026 жыл 15:08

Соң-Көлгө баруучу жол оңдолду

Малчылардын жана туристтердин коопсуздугун камсыз кылуу максатында Соң-Көлгө баруучу 5 чакырымдай жол сүрүлүп оңдолду. Муниципалдык ишкананын кызматкерлери атайын техникалардын жардамы менен жолдун татаал тилкелерин иретке келтирип, унаалардын каттоосун кыйла жеңилдетишти.

29 Июль 2026 жыл 15:05

Түп районунда мыйзам талаптарына жооп бербеген 12 көрнөк-жарнак алынды

2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында Түп районунда «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын талаптарынын аткарылышын камсыздоо максатында мониторинг иштери жүргүзүлдү.

29 Июль 2026 жыл 11:25

Өлкө боюнча мугалимдерди атайын даярдалган усулчулар окутат

2026–2027-окуу жылына даярдык көрүүнүн алкагында республика боюнча 25 429 мугалимдин квалификациясын жогорулатуу боюнча масштабдуу окутуулар өткөрүлөт.Маалым болгондой, окутуулар негизги үч багытты камтыйт: Башталгыч билим берүү,математика,табигый илимдер.

29 Июль 2026 жыл 1:16

Токтогул шаарында жолдор оңдолуп, жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар курулат

Президенттин Турукташтыруу фондунун эсебинен быйыл Токтогул шаарында масштабдуу курулуш иштери башталды. Долбоордун алкагында жалпы узундугу 16,4 чакырымды түзгөн 11 көчөгө асфальт төшөлүп, 7,76 чакырым жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар курулат.

29 Июль 2026 жыл 0:31

Түп районунда жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы чыгарылды

24-июль 2026-жылы Түп райондук мамлекеттик администрациясында райондук коллегиянын жыйыны өтүп, 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыктары жана алдыдагы милдеттер талкууланды.

28 Июль 2026 жыл 9:03

Түптүк окуучулар менталдык арифметика боюнча эл аралык жана республикалык таймаштарда ийгилик жаратышты

Түп балдар жана өспүрүмдөр чыгармачылык борборунун «Менталдык арифметика» ийриминин тарбиялануучулары эл аралык жана республикалык билим таймаштарында ийгиликтүү катышып, бир катар байгелүү орундарды багындырышты.

28 Июль 2026 жыл 8:59

2026–2027-окуу жылындагы мектептик каникулдардын графиги бекитилди

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги 2026–2027-окуу жылы үчүн мектептик каникулдардын графигин бекитти. Базистик окуу планына ылайык, окуучулар окуу жылы ичинде төрт жолу эс алышат.

27 Июль 2026 жыл 12:14

Токтогул суу сактагычына келип эс алып сууга түшсө болот

Токтогул суу сактагычы жай мезгилинде эс алуучулар эң көп келген жайлардын бири. Айрыкча күн ысыган учурда Бишкек, Талас жана өлкөнүн башка аймактарынан келген меймандар бул жерге келип, табият койнунда эс …

27 Июль 2026 жыл 0:58

Токтогул – тарыхы, табияты жана энергетикалык кубаты менен өзгөчөлөнгөн аймак

Токтогул шаары өзүнүн ажайып жаратылышы, бай тарыхы жана Кыргызстандын энергетикалык тармагындагы стратегиялык мааниси менен айырмаланат.

26 Июль 2026 жыл 23:51

Ысык-Көлдүн 6 бүтүрүүчүсү Президенттин сыйлыгына татыды

Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгы боюнча “Алтын сертификатка” татыктуу болгон жана эң жогорку көрсөткүчтөрдү камсыздаган республикадагы 76 бүтүрүүчүгө Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан баалуу белектер жана “Кыргыз Республикасынын Президентинин сыймыгы” сертификаты …

26 Июль 2026 жыл 17:08

Бүтүрүүчүлөрдөн мектепке жашыл мурас

Ар бир билим берүү мекемесинин өзүнө гана таандык жакшы салттары болот. Корчубек Акназаров атындагы мектепте ошондой салттардын бири – бүтүрүүчүлөрдүн өз мектебине эстелик катары мөмөлүү дарактарды отургузуп, жашыл мурас калтыруусу.

25 Июль 2026 жыл 11:08

Токтогул шаарына жаңы мэр дайындалды

Токтогул шаарынын мэри болуп буга чейин Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы болуп эмгектенип келген Рамис Өмүрканов дайындалды.Жаңы дайындалган мэрди Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Урматбек Самаев шаар мэриясынын эмгек …

25 Июль 2026 жыл 0:21

Узун-Булак айылында 3 чакырым жерге мал тосуу тосмосу курулууда

Узун-Булак айылында долбоордун алкагында 3 чакырым жерге мал тосуу тосмосу курулууда. Иштерге керектүү материалдар өнүктүрүү фонду тарабынан бөлүнүп, курулуш аймактагы 10 айылдын жашоочулары аркылуу жүргүзүлүүдө.

24 Июль 2026 жыл 11:30

Чолпон айылында Айтматовдун мурасы жана Үркүн эскерилди

21-июлда Кочкор районунун Чолпон айылындагы маданият үйүндө «Улуттук дем — Дүйнөлүк бийиктик» жана «Улуу мурас — Түбөлүк жашаган Айтматов дүйнөсү» аттуу райондук семинар өттү. Маданий иш-чара улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун …

23 Июль 2026 жыл 10:15

Ак-Талаада Арпа жайлоосуна барчу жол оңдолууда

Ак-Талаа районундагы Арпа жайлоосуна алып баруучу жолду оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Максат — жайыттарга жетүүнү жеңилдетип, малчылар үчүн ыңгайлуу шарт түзүү.

22 Июль 2026 жыл 17:03

Ак-Талаада көп балалуу энелер мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланышты

Кечээ Ак-Талаа районунда КРнын  Президентинин 13.05. 2026-ж. №161 жана №162 Жарлыктарына ылайык, көп балалуу энелер мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланды. Тактап айтканда, жети жана андан көп баланы төрөп, аларды татыктуу тарбиялаган …

22 Июль 2026 жыл 16:59

Кочкордо Турдакун Усубалиевдин эстелигине QR-код орнотулду

Нарын облусунун Кочкор айылында Кыргыз Республикасынын Баатыры, мамлекеттик жана саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин эстелигинин жанына заманбап QR-код орнотулду. Демилге жаштарга жана айылдын конокторуна тарыхый инсандын өмүр жолу жана эмгек жолу …

22 Июль 2026 жыл 16:39

Суусамырдагы «Достук» муниципалдык ишканасына жаңы атайын техникалар тапшырылды

Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылында Суусамыр айыл өкмөтүнө караштуу «Достук» муниципалдык ишканасына жаңы атайын техникалар тапшырылды. Бул техникалар коммуналдык кызматтардын сапатын жакшыртууга багытталган.

22 Июль 2026 жыл 16:39

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...