Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Жаңылыктар

Куртка-Соң-Көл унаа жолу тазаланды

Ак-Талаа районундагы акыркы күндөрү жаагандан жаандан улам Куртка-Соң-Көл унаа жолундагы айрым жол тилкелерин кыян алып кеткен. Натыйжада тоодон суу менен агып түшкөн шагыл Молдо-Ашуусундагы жолду жаап, унаалардын өтүүсүнө тоскоолдук кылган.

14 Май 2026 жыл 12:46

Куланак: Айылда сейил бак ачылды

Нарын районуна караштуу Куланак айылында Орозакун уулу Аскарбек атындагы сейил бактын ачылышы толугу менен жаңыланып, 9-майда салтанаттуу түрдө ачылды.

13 Май 2026 жыл 12:29

Нарын облусунун башчысы Нурбек Сатаров Ак-Талаа районунда эл менен жолукту

11-майдан баштап Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров Ак-Талаа районундагы Тоголок Молдо, Ала-Буга, Кара-Бүргөн , Баетов айыл өкмөттөрүндө болуп, эл менен жолукту.  Дубан башчы менен бирге Нарын облусунун …

13 Май 2026 жыл 9:03

Токтогул райондук аялдар кеңешинин төрайымынын эмгеги бааланды

Коомдук ишмер, француз жана орус тилдеринен эркин сүйлөгөн котормочу, Токтогул райондук аялдар кеңешинин төрайымы — Чынара Суракматова. Бүгүнкү күндө коомдо аялзатынын орду жана ролу өзгөчө мааниге ээ. Өзүнүн көп жылдык …

12 Май 2026 жыл 23:42

Чолпон айыл өкмөтүнө келген жаңы техникалар эл кызматына иштеп жатат

2024-жылдын май айында Чолпон айыл өкмөтүнө жергиликтүү бийликтин жана мамлекеттин колдоосу менен айыл чарба жана тиричилик муктаждыктары үчүн 4 жаңы техника алынган. Арадан убакыт өтсө да, бул техникалар бүгүнкү күндө …

12 Май 2026 жыл 10:24

Токтогулга жети дубандын ак элечек апалары келишти

Токтогул районунда кыргыздын каада-салтын даңазалаган, энелердин биримдигин бекемдеген маданий иш-чара болуп өттү. Бишкектеги Жетинчи каналынын кызматкери Бакыт Өмүрзаковдун демилгеси менен, алдыдагы «Энелер күнүнө» карата өлкөбүздүн жети дубанынан келген «Шайыр апалар» …

11 Май 2026 жыл 10:25

Кочкордо «Өлбөс полк» жүрүшү уюштурулду

9-май-Улуу Жеңиш күнү Кочкор районунда өзгөчө салтанат менен белгиленди. Майрамдык иш-чаранын алкагында «Өлбөс полк» жүрүшү уюштурулуп, ага мекеме-уюмдардын кызматкерлери, жаштар, окуучулар жана жергиликтүү тургундар активдүү катышты.

10 Май 2026 жыл 8:50

Акылбү Султаналиева :»Бөйтө энем манасты аян бергенден соң айтып калган»

Өткөн кылымда Ак-Талаа районунун Баетов айылында Бөйтө аттуу манасчы жашап өткөн. Небереси Акылбүбү Султаналиеванын айтымында ал кишини айылдаштары манасчы кемпир деп таанышчу. Кылым жашаган Бөйтө апа (1884-1981-ж.ж) тууралуу небереси кеп …

10 Май 2026 жыл 8:45

Акталаада Улуу Жеңиштин 81 жылдыгы салтанаттуу белгиленди

Бүгүн Ак-Талаа районунун Баетов айылында  Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 81жылдыгына арналган эскерүү иш чарасы белгиленип, ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл аксакалдары, мекеме жетекчилери, айыл тургундары катышты.

10 Май 2026 жыл 8:32

Улуу Жеңиш күнүндө Корчубек Акназаров мектебинин мугалими баш байгени багындырды

Кочкор районунда 9-май – Улуу Жеңиш күнүнө карата шахмат боюнча турнир өтүп, анда Корчубек Акназаров атындагы мектептин мугалими Чынгыз Ишенбек уулу 1-орунду камсыз кылды.

10 Май 2026 жыл 8:29

Сатыкей уурусу Токтогулда жашайт

Сатыкей баатыр (Сатыке) — 18-кылымдын аягы жана 19-кылымдын башында жашаган, Кетмен-Төбө өрөөнүндөгү кыргыздардын Кокон хандыгынын баскынчылык саясатына каршы күрөшүнүн көрүнүктүү жетекчиси жана кол башчысы.

9 Май 2026 жыл 23:49

Толук айылында «Эне-баланы коргоо» аттуу майрамдык иш-чара өттү

Толукта 9-май Жеңиш күнү жана 17-май Энелер күнүнө карата «Эне-баланы коргоо» аталышындагы иш-чара болуп өттү. Майрамдык кечеге айыл тургундары, Толук айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана Токтогул райондук Аялдар …

9 Май 2026 жыл 22:04

Токтогулдун сыймыгы Раяна «Кыргызстандын мыкты окуучусу» аталды

Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылындагы Турусбек мектебинин 11-классынын окуучусу Дүйшебайева Раяна Бакытбековна Республикалык деңгээлдеги сынакта жеңүүчү аталып, «Кыргызстандын мыкты окуучусу» наамын алды.

7 Май 2026 жыл 22:06

Академик Жамин Акималиевдин 90 жылдыгы кичи мекенинде белгиленди

Бүгүн  академик жана коомдук ишмер, Жамин Акималиевдин   90 жылдыгына арналган салтанаттуу  иш чара анын  кичи мекени  Баетов айыл аймагына караштуу Үгүт айылында өттү. Ага Ж.Акималиев үй-бүлөсү менен, ошондой эле жергиликтүү …

6 Май 2026 жыл 17:09

Акталаада туристтик сезон расмий ачылды

Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айыл аймагына караштуу Жаңы-Талап айылындагы Кошой конуш аймагында жайгашкан туристтик лагерде туристтик сезондун ачылышына арналган фестиваль өткөрүлдү. Иш чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мекеме жетекчилери, жергиликтүү тургундар, …

6 Май 2026 жыл 17:03

Бишкек-Ош жолуна чоң көлөмдө таш түштү

Бишкек-Ош эл аралык унаа жолунда 2026-жылдын 5-майына караган түнү таш көчкү түштү. Жолдун 440-чакырымында (Кара-Көл менен Таш-Көмүр шаарларынын ортосундагы тилке) 4-майдан 5-майга караган түнү, саат 01:00–02:00 чамасында ири көлөмдөгү таш …

5 Май 2026 жыл 12:45

Токтогулда сел коркунучуна каршы чаралар күчөтүлдү

Токтогул шаарында жазгы жаан-чачындын көбөйүшү жана аба ырайынын туруксуздугуна байланыштуу, сел жүрүү коркунучу бар аймактарды жеринен текшерүү иштери жүрдү. Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Т.К.Текебаевдин …

5 Май 2026 жыл 1:50

Суусамыр: Техникалар үчүн жазгы айдап себүү тарифи бекитилди

Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылында жазгы айдап-себүү иштерине карата айыл чарба техникалары үчүн тарифтер расмий түрдө бекитилди. Белгилүү болгондой, Суусамыр өрөөнүндө жер айдоо жылына бир гана жолу жүргүзүлөт. Сугаруу мүмкүнчүлүгү …

4 Май 2026 жыл 17:43

Суусамырда кыз-келиндер арасында волейбол боюнча турнир өттү

Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылында кыз-келиндер арасында волейбол боюнча достук мелдеш уюштурулду. Мелдешке төрт айылдан келген командалар катышып, жыйынтыгында мыкты команда жеңишке жетишти. Иш-чаранын уюштуруучуларынын айтымында, негизги максат кыз-келиндердин башын …

3 Май 2026 жыл 9:50

Суусамырда жаңы айыл өкмөт башчысы дайындалды

Жайыл районуна караштуу Суусамыр айыл өкмөтүнө жаңы башчы дайындалды. Суусамыр айыл өкмөтүнүн мурунку башчысы кызматын мөөнөтүнөн мурда тапшырып бергенине байланыштуу, бул кызматка Уметалиев Таштан дайындалды. 

3 Май 2026 жыл 9:38

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...