Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылынын Асан Сопиев мектебинде менталдык арифметика курсу окутулууда. Окуу билим берүү министрлиги менен Кыргызстанга жайылтуу максатында келишим түзүлүп, окутула баштаган.
Чүй облусунун Суусамыр айылында жашаган Айдатка Кадыржанова келечекте космонавт болууну каалайт. Ал бул кесипке Салижан Шарипов тууралуу маалыматты окуп таасирленгенден кийин кызыга баштаган.
23-апрель Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата Сүлүктүдөгү Исхак Раззаков атындагы №7-орто мектепте шаардык деңгээлдеги «Китеп майрамы» белгиленди. Аземге Сүлүктүдөгү окуу жайлардын китепканачылары менен кошо китеп сүйүүчүлөр катышып, №7-мектептин чыгаан окуучулары тарабынан …
Кыргыз Республикасы боюнча аймактарда «Келгиле окуйбуз» долбоору реализацияланып, пилоттук мектептердин мугалимдери атайын даярдыктан өтүүдө.
Эл үчүн жасаган көп жылдык ак эмгеги мамлекет тарабынан татыктуу бааланып, Исманали Карабаев «Кыргыз Республикасынын социалдык- экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымы жана коомдук ишмердүүлүгү үчүн» деген баа берилип, Кыргыз Республикасынын …
Азыркы учурда Карасаев айыл аймагындагы Чоң- Тогузбай, Тасма айылдарындагы үйлөргө Wi-Fi интернети коюулууда. Буга чейин Тасма айылында интернет болгон, бирок, жай иштеген. Интернет “Телеком” ишканасы тарабынан коюлуп жатат.
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Сары-Булуң айылынын Нур жамаатынын кунөсканасы ишке кирди. Күнөсканада жашылча өсүмдүктүн түрлөрү өстүрүлүп жатат.
Нарын районуна караштуу Орток айылында Ага-Хан фондунун MSDSP KG коомдук фонду тарабынан уюшулган тоют багытындагы өсүмдүктөрдү өстүрүү боюнча семинар өткөрүлдү. Ал семинарга Кызыл-Жылдыз айылынын тургундары катышып келди.
Барскоон айылынын Маданият үйүндө «Бапа жаштары» уюму тарабынан уюштурган райондук семинары болуп өттү. Семинарда уюумдун мүчөлөрү айылдын өнүгүп- өсүшүнө кандай жардам көрсөтүп жатышкандыгы, жетишкен ийгиликтери тууралуу сөз болду.
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими, новатор педагог Гапыр Маматкулович Мадаминовдун автордук «Энелер мектеби»- боюнча, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин статс-катчысы жетектеген, Өзбекстандын Фергана облусунун жетекчисинин орун басары баш …
Нарын районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылында малды жазгы вакцинациядан өткөрүү иштери жүрүп жатат.
Жайыл районунун Кара-Суу айылында жазгы талаа иштери аяктап бара жатат. Дыйкандар жерлерине арпа жана кызылча эгишти.
Жайыл районунун Кара-Суу айылынын окуучулары үчүн “Сценадагы цирк” аталышындагы оюн-зоок көрсөтүлдү.
Ноокат районунун Куу-Майдан айылынын Жапар Нышанов орто мектебинде «Алиппе майрамы» болуп өттү. Анда 1-класстар жыл бою үйрөнгөндөрүн ата-энелерине, окуучуларга, мугалимдерге көрсөтүп беришти.
Коомдук ишмер Исаманали Карабаев Турциянын Университеттеринин биринде 2018- жылдын 11-13- апрелинде өткөрүлгөн «Мамлекеттерди өнүктүрүүнүн заманбап стратегиялары» аталыштагы симпозиумда Кыргыз Республикасынын атынан катышып, доклад жасады.
Лейлек районунун Сумбула айыл аймагында айлананын санитардык абалын жакшыртуу, көрктөндүрүү максатында иш-чара түзүлүп, пландын негизинде 14-апрель күнү өкмөттүн жалпы жамааты ишембиликке чыкты.
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылынын Сопиев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде жашылдандыруу айлыгы жүрүп жатат. Айлыкта мектеп окуучулары мектеп айланасын тазалап, көчөттөргө арык салышууда.
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Сопиев мектебинин эки окуучусу облустук “Мен Кыргызстанда жашайм!”сынагына жолдомо алышты. Учурда окуучулар таймашка даярданышууда.
Талас шаарындагы “Баластан” балдарга билим берүү борборунда Япониядан келген мырза кыргыздарга япон тилин үйрөтүп эмгектенүүдө. Ал эми бүгүнкү күндө Кыргызстанга Япониядан конок чакырып балдар менен тааныштырууда.
Куланак айылында бюджеттик баалоону жүргүзүү боюнча окуу семинар болду. Семинарга айылдык кеңештин депутаттары, айыл өкмөтү, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жана долбоорлор менен иштешип келе жаткан айыл тургундары катышты.